Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Иранда «Ал-Каиданын» мүчөлөрү соттолот


Ирандын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө караганда, Иранда колго түшкөн «Ал-Каиданын» кээ бир мүчөлөрү өлкө ичинде соттолушат. Маалымат боюнча, Иранда өлкөнүн аймагында кылмыш жасаган жана башка мамлекеттерге берилбей турган «Ал-Каиданын» мүчөлөрү гана соттолмокчу. Тегеран андан тышкары камактагы «Ал-Каиданын» калган мүчөлөрүн Америкага өткөрүп бербээрин, себеби эки мамлекеттин ортосунда экстрадикциялоо жөнүндө келишим жок экенин билдирди. Иранда «Ал-Каиданын» канча мүчөсү кармалгандыгы жана алардын аты жөнү ачык айтыла элек. «Ал-Каиданын» мүчөлөрү бул мамлекетке 2001-жылдын аягында Ооганстанда талибдердин бийлиги кулатылгандан кийин өтө качкан деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG