Бүгүн Лондондо Британиянын коргоо министрлигинин кеңешчиси Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу тергөө башталды. Анын жүрүшүндө бир катар күбөлөр суракка алынат. Алардын арасында өлкөнүн премьер- министри Тони Блэр, коргоо министри Жэфф Хун дагы бар. Тергөөнү жүргүзүүчү судья лорд Хаттон адегенде Дэвид Келлинин кесиптеши Теренс Тейлорду, андан кийин түздөн-түз жетекчиси, коргоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Ричард Хатвилдди суракка алат. Британ өкмөтү Ирактын массалык кыргын салуучу куралына байланыштуу маалыматты бурмалады деген Девид Келлинин сөзүнө таянып, "Би-Би-Си" корпорациясы британ өкмөтүн айыптаган эле. Мына ушул чатактан кийин Девид Келли өзүнүн жанын кыйууга барган. Анын сөөгү 18-июлда табылган.