Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39
Ирактагы Америка аскерлеринин маалыматы боюнча, Иракта Саддам Хусейнди жана анын тарапкерлерин колго түшүрүү, же өлтүрүү максатында жаңы операция башталды. Анын алкагында Саддамдын алыскы аймактардагы тарапкерлерин кармоого аракет жасалат. Кечээ күнү Багдаддын түндүгүндөгү Баакуба шаарында бомбанын жарылышынан бир америкалык аскер набыт болуп, экөө жарадар болду. Ал эми Тикрит шаарына жакын жерде АКШ аскерлеринин автоунаасы жардырылып, андан эки жоокер жарадар болгон. Түштүктөгү Басра шаарында бүгүн абал турукташты. Кечээ Ирактын бул экинчи шаарында орун алган баш-аламандыкты тыюу максатында Британия аскерлери асманга ок атууга аргасыз болушкан. Күйүүчү май жана электр кубатынын жетишсиздигинен Басрада калк нааразылык акцияларына чыккан эле. Ал окуялар учурунда эки ирактык окко учуп, бир нечеси жарадар болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG