Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Чолпон Орозобекова, Бишкек 12-августта Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизейд келди. Ал Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов жана коргоо министринин орун басары Алик Мамыркулов менен жолугуп, эки мамлекеттин аскердик кызматташтыгын талкуулады. Соңку жылдары АКШнын аскер башчылары Кыргызстанга байма-бай каттап калышты. Бул да болсо эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы бекем кызматташтыктан кабар берет. Коомчулукта “Кыргызстан көртурмуштун айынан өз аймагында АКШ өңдүү колунда бар мамлекеттердин аскердик күчтөрүн жайгаштырууда” деген кайчы пикирлер да бар.

Америкалык генерал Абизейд эмнегедир кыргыз тарап менен жабык эшик артында сүйлөштү. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын башчысы полковник Мирбек Койлубаевдин билдиргенине караганда, жолугушууда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө берилчү жардам, аскер кызматкерлерин чогуу даярдоо жана Орто Азия аймагындагы коопсуздук тууралуу сөз болду. 2000-жылдан бери АКШнын аскер башчыларынын бир канчасы келип кетти. Бул - эки өлкө ортосундагы аскердик карым-катнаштын бекемдигинин далили. АКШ деги эле Орто Азия мамлекеттери менен мындай мамилени чыңдоону көздөп калганын Ганси атындагы базасын алып чыгып кетүүнү ойлоно электигинен баамдаса болот. АКШ Өзбекстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларын ого бетер күчтөндүрүүгө киришти. Бишкектеги Ганси атындагы авиабаза 2001-жылы ачылган. Кыргыз өкмөтү ага Бишкектин четинен 300 гектар жер бөлүп берди. Ал эми куралдуу күчтөрүн жаңы жерге жайгаштырууга АКШ өкмөтү 37 млн. доллар жумшамак болду. Базанын атайын жер алып, кеңейип атканын көргөндөн кийин кыргызстандыктар «америкалык аскерлер бир азга гана отурукташууда» деген ойдон алыс болуп калышты. Жарды Кыргызстандын жетекчилиги да, эли да Америкадан алган жардамга топук кылып унчукпай отурушат. Мындай пикир Кыргызстандын ичинде да, тышында да айтылууда. АКШнын «Wall street journal» гезитине Вашингтондогу саясат иликтөө институтунда иштеген Владимир Сокор да так ушундай пикирди жазган. «Жарды Кыргызстанга учактардын ар бир конгонуна төлөнчү 7 миң доллары, элге бул авиабаза жумуш таап берип атканы, товарларын сатып алып атканы чоң пайда» деп жазат ал.

АКШ чынында эле бул жерге куралдуу күчтөрүн киргизгенден кийин ар кыл өңүттөгү жардамын кеңейтти. Кыргыз экономикасына ал былтыр эле 92 млн. доллар жөнөткөн. Ал эми соңку үч жыл ичинде Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 20 млн. доллардан ашык колдоо кылды. Эмдиги жылга АКШ кыргыз аскерлерине 6 млн. доллар бөлөөрүн билдирген. Эксперттердин баамында, кыргыз армиясы курал-жарак, материалдык-техникалык камсыздалышы жагынан Орто Азиядагы эң алсыз армия болчу. 1999 жана 2000–жылдары кайталанган Баткен окуясы кыргыз куралдуу күчтөрүнүн айласыз жардылыгын көрсөткөн. Ушул окуядан кийин кыргыз бийлиги да ойлонуп калгандай. «АКШ менен катар Орусиянын аскердик базаларын орнотуу мамлекетке коопсуздук алып келет» деген пикирлер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Карыпбек Алымкулов дал ошондой ойдо:

- Баткен окуясы болгондо Кыргызстан абдан оор абалда калбадыбы. Ошондуктан чет элдик аскердик базалардын болгону жакшы. Алар турганда, чет жактан террордук топтор кол салууга даабайт.

Түндүк Атлантика Альянсынын аскер күчтөрүнүн башкы командачысы Жеймс Жонс НАТОнун америкалык аскер бөлүктөрү Чыгышка ташталаарын билдирген. Айрым байкоочулардын баамында, бул ириде АКШнын кийинки аскердик саясатынан улам айтылган сөз. “Америка илгертен өзүн чоң держава катары сезип, бүткүл дүйнөгө үстөмдүк кылуу ниети менен жашап келет. Дүйнөнүн туш-тушуна, анын ичинде Орто Азия мамлекеттерине америкалык аскерлердин келиши - ошол кыялды турмушка ашырууга таштаган бир кадамы” дешет. Бишкекте Американын Орто Азиядагы университетинде иштеген Виллиам Хансен да ушундай пикирде. Ал Американын атуулу экенин карабастан, АКШнын бул өңүттөгү саясатын баскынчылык катары мүнөздөйт.

- Америка өзүн чоң, таасирдүү держава катары сезет. Ал өзүнүн XIX кылымда эле башталган, дүйнө жүзүнө үстөмдүк кылуу саясатын улантып келет. Албетте, Орто Азия мамлекеттерине да кызыгат. Бул өлкөлөрдөгү жаратылыш ресурстарына да ортоктош болуу менен бул чөлкөмдө өз үстөмдүгүн орнотушу керек. Бул мамлекеттерге Кытай, Орусия дагы мынчалык таасир бере албайт деп ойлойм. Бирок, Америка өзүнүн кудуретин көрсөтүп, материалдык колдоосу менен кызыктырып, акырындык менен басып кире берет, - дейт Виллиам Хансен.

Кыргызстанда антитеррордук коалиция жайгашаары менен Орусия да өз куралдуу күчтөрүн киргизүүгө ынтызарлыгын билгизген. Ганси базасы жайгашкан «Манас» аба майданынан болгону 30 чакырым алыс Канттагы аба майданында орусиялык база жайгашмак болду. Аны Орусиянын президенти Владимир Путин өзү ушул күздө ачканы турат. Кыргызстан өңдүү кичинекей мамлекеттин ичинде таасирдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн болушу да эки ача пикирлерди жаратууда. Белгилүү саясатчы жана журналист Мелис Эшимканов «Кыргызстан өзүнүн акыбалын калчап көрүп, туура турумду тандады» деп эсептейт. «Учурда Кыргызстан Американын да, Орусиянын да көңүлүн калтыра албайт» дейт ал. Аскерлер менен кошо курал келээри анык. Мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Ганси базасы орногондон кийин “куралдын анты болот, ал кайсы бир күнү атат” деген эле. Чынында эле кыргыз жетекчилигинин аскердик багыттагы кызматташтыгын катуу сындагандар бар. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Досбол Нур уулу «Кыргызстан чоочун куралдуу күчтөргө эшик ачуу менен көп маселеде уттурду» деп эсептейт:

- Мындай чоң дөөлөттөрдүн саясаты - биздин мекенди пайдаланып, өз мүдөөсүнө жетүү. Аскердик база деген согуштун белгиси. Андай куралдуу күчтөрдөн эч качан пайда болбойт. Азыр Кыргызстан жарды мамлекет болгондуктан, материалдык колдоого алданып, көр турмуштан чыга албай атабыз. Ал дөөлөттөр болсо арам ойлорун ишке ашырууга далалаттанып, келип атышат.

АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысынын орун басары генерал Роберт Элдер Кыргызстандагы бир жарым жыл ичинде Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы америкалык куралдуу күчтөрдүн ишине “беш” деген баа койду. Анын айтымында, алдыга коюлган максаттардын 98% жүзөгө ашырылды. 12-августта келген генерал Жон Абизейд да Кыргызстандын жетекчилигине рахмат айтып кетти.
XS
SM
MD
LG