Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Кожогелди Култегин, Ош “Экинчи Меке» аталган Сулайман тоосунун канча чокусу бар? Ал чокуларга чыгып көрдүңүз беле? Тоодо жайгашкан үңкүрлөргө баш баккансызбы? Алардын сырлары, касиеттери тууралуу маалыматыңыз бар бекен? Эмнеси болсо да азыр кыялыңыз менен Сулайман тоодо жайгашкан тарыхый-маданий үңкүр-музей комплексинин экскурсоводу Айчүрөк Ажыбаеваны ээрчиңиз. Сулайман тоого саякат жасайлы.

- Сулайман тоосу 5 чокудан турат. Биринчи чокусу Сулайман тахт деп аталат. Экинчи чокусу - Шор тоо. Үчүнчү чокусу - Урушан үңүр. Төртүнчү чокусу - Келинчек тоо. Бешинчи чокусу - Каттама тоо.

- Ал чокуларда эмнелер бар жана алар кандай сырларга, таржымаларга ээ?

- Биринчи чокусу эмне үчүн Сулайман тахт деп аталып калат? Себеби, ушул жерде жалпак, 3 метрдей таш бар экен, «бел таш» деп аталат. Мына ошол ыйык, касиеттүү «бел таштын» үстүнөн үч жолу сыйгаланып түшсөң, ал таш баш, бел, бут ооруларын айыктыра алат экен. Ошондой эле, көп жыл бою бала көрбөгөн аял кишилер, ич жагынан жатып 3 жолу, же 7 жолу сыйгаланса ал бала көрүп калышы ыктымал экен.

- Экинчи чоку - Шор тоонун таржымалы кызыктарга айрыкча бай эмеспи, кененирээк токтолсоң?

- Шор тоодо Тамчы тамар деген үңкүр бар. Тамчы тамардын узундугу - 6-7 метр. 6-7 метрден кийин Сулайман пайгамбардын тизелеринин, буттарынын издери калган. Ошондой эле билинип-билинбеген жерден эки шор суу тамчы тамат. Ошол сууну «Сулайман пайгамбардын көз жашы» деп айтышат. Көзүңөрдү, жүзүңөрдү жуусаңар ошол жүздөгү пайда болгон пигменттерди кетире алат, ал эми көзгө болсо өтө жакшы таасир тийгизет экен. Ташка жазылган Курандан алынган келме бар. Анан Бешик эне деген жер бар. Бешик энеге кыбыла тарапты карап туруп жети жолу тартыныш керек. Баланын өмүрүн сурайт экенсиң, же болбосо бала сурай тургандар келет, ар кандай тилектер аткарылат. Ошондой эле Сырат көпүрөсү бар. Сырат көпүрө - бул бир сызыктан турган өтө ичке жол. «Ал көпүрөдөн өтсөң, биз жашап аткан турмушта жасаган күнөөлөрүң жуулат» деп айтышат. Үчүнчү чокусу - Рушан үңкүр. Бул перс тилинен которгондо «кызыл», «жарык» деген маанини билдирет. Себеби, ар бир үңкүрдүн ичинен охра боёктору бөлүнүп чыгат. Охра боектору тийгизилиши керек экен, сапарга кетип аткан эркек кишиге. Ошонун касиети чоң экен, ал сапардан аман-эсен алып келет экен. Төртүнчү чокусу Келинчек тоо деп айтылат. Кыздар ошол жерге чыгышып, ошол тоого сырларын, тилектерин айтышып, бакыт сурашат экен. Бешинчи чокусунун эки аты бар. Эл оозунда айтылып кеткени - Каттама тоо деп айтылат, ал эми окумуштуулар тарабынан айтылганда ал Кекилик учаар. Чындыгында ал чоку өтө катмарланган. Ар бир катмарында кекиликтер жашайт экен.

- Эми Сулайман тоонун чокуларынан тышкары жакта жайгашкан көрүнүктүү үңкүрлөрдөн кабар берсең?

- Чоң үңкүр бар, Үрккыз деп айтылат. Мына ошол Үрккызга сүйүшкөндөр кол кармашып кирип, ошол жерде чекиттелген жер бар, ошол жерден кол кармашып алып «Үрккыз», же болбосо «Хуркыз» деп кыйкырса, ошол жерден жаңырып, үн келет. «Эгерде ошол үн чыкса, сүйүшкөндөрдүн сүйүүсү өтө узакка созулат» деп айтылып кеткен. Дагы бир үңкүр бар. Ал Төрт чарияр деп айтылат. Ал үңкүргө киргенде үч жакка карай чыга турган тешиктери бар. Мына ошол үңкүрдүн ичинде Давань күлүк аргымактарынын аска-зоого түшүрүлгөн сүрөттөрүнүн түп нускалары бар. Эң эле чоң үңкүр – «тарыхый-маданий үңкүр комплекси» деп аталуучу музей 1978-жылдан баштап эле иштеп келе жатат. Бул музейде 13 кичинекей үңкүрчөлөр бар.

Экскурсовод Айчүрөк Ажыбаева жогоруда сөз кылып кеткен, тактап айтканда, музей жайгашкан үңкүр Жошолуу үңкүр деп аталат. Музей кандайча жайгашып калгандыгын «Сулайман тоо» жоопкерчилиги чектелген коомунун төрагасы Рысбай Дөдиев Султан Ибраимовдун аты менен байланыштырды:

- Ошол үңкүргө «Кожожаш» деген ресторан сала турган болушту. Ресторан бүткөндөн кийин элден арыз түшүптүр. «Биздин ата-бабалардын мазары болуп турган эле, бул жерге ресторан болсо болбойт» дегенде, мени чакырып алып, экөөбүз сүйлөшүп калдык. «Эмесе музей кылып коюш керек» десем, күлүп ийип: «Болду, болду, жигит» деп, музейге айландырып койгон.
XS
SM
MD
LG