Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Чет өлкөгө сөөктөрү жөнөтүлгөндөрдүн жакындары сотко кайрылмак болушту


БИШКЕК. Көзү өткөндөрдүн сөөктөрүн чет өлкөлөргө макулдашпай жөнөткөнү үчүн алардын туугандары Медициналык академияны сотко берүүгө камданып жатышат. Бул туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, сотко берүүнү көздөгөндөр үчөө. Алардын ар бири моралдык чыгым үчүн 10 млн. сом айыппул талап кылууну көздөшөт. Депутаттын пикиринде, мындай даттануулар көбөйүшү ыктымал.
Медициналык академиянын морфология жана полимердик технология институту менен Гейдельберг шаарындагы Пластинация институтунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык Кыргызстандан багар-көрөрү жок 500гө жакын кишинин өлүгү 1990-жылдардын аягында Германияга жөнөтүлгөн. Бул маселе июнь айынын этегинде депутат А.Таштанбеков тарабынан көтөрүлүп, комитетте каралган. Депутаттын айтымында, азыр бул маселени атайын түзүлгөн жумушчу топ териштирип жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG