Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Кыргыз тилинин проблемалары «тегерек үстөлдө» талкуулана турган болду


БИШКЕК. Кыргыз тилинин проблемаларын талкуулаган «тегерек үстөл» келерки аптанын этегинде Жогорку Кеңештин имаратында өтө турган болду. Мындай чечимди уюштуруу комитети бүгүнкү отурумунда чыгарды. «Тегерек үстөлгө» саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, окумуштуулардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, анда кыргыз тилинин абалы, аны өнүктүрүүнүн механизмдери, окутуунун инновациялык ыкмалары талкууланат. Ал эми октябрь айында кыргыз тилинин абалы жалпы республикалык конференцияда талкууланат. Мындай иш-чаранын демилгечиси - Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG