Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30
БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хун Цзюинди анын иш мөөнөтү аяктап бараткандыгына байланыштуу кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. А. Бөрүбаев Тайвань Кытай аймагынын бир бөлүгү экенин белгиледи. Ал Кыргызстан Кытай сыяктуу эле улуттук сепаратизмдин бардык түрүнө каршы экенин айтып, «Сепаратизмге, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш тууралуу» былтыр декабрда кол коюлган өкмөт аралык макулдашуу азыр Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүп жатканын билдирди. Жолугушууда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмү быйыл 70% көбөйдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG