Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) 6-августта Казакстандын Үчарал шаарына жакын аймакта башталган биргелешкен аскердик машыгуусу 12-августта Кытайдын Инин аймагында аяктады. Машыгуу ШКУнун чыныгы аскердик уюмга айланганын көрсөттү. Ошол эле маалда «Өзбекстан уюмдун антитеррордук борборун Бишкекте эмес, Ташкенде жайгаштырууну каалап жатыптыр» деген маалымат тарап, аны Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү төгүнгө чыгарышты.

Кытай менен Кыргызстандын былтыр сентябрда Эркечтамга жакын жерде уюмдун алкагында өткөн биргелешкен аскердик машыгуусун эсепке албаганда, бул аскердик машыгуу биринчи жолу ушундай чоң масштабда өттү. «Өз ара аракеттенүү - 2003» деген ат менен Казакстанда башталып, Кытайда аяктап жаткан аскердик машыгууга Кыргызстандан Коргоо министрлигинин оперативдүү мобилизация башкармалыгынын жетекчиси Замир Молдошев жетектеген аскердик топ барды. Коргоо министринин орун басары Олег Чечелдин айтымында, аскердик машыгууга Өзбекстандан башка беш мамлекеттин куралдуу күчтөрү катышты жана эмне себептен катышпай жатканын Өзбекстан түшүндүргөн эмес.

- Себебин айтышкан жок. Мен билгенден, алар Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы аскердик кызматташтыкка катышпайт. Өзбекстан болгону мамлекет башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин жыйыны сыяктуу саясий иш-чараларга гана катышат, - дейт Олег Чечель.

Олег Чечелден айырмаланып, Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев аскердик машыгууга Өзбекстандын байкоочу катары катышканын айтат. Орусиянын «Время новостей» басылмасы 8-августта «Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин быйыл сентябрда Ташкенде өтө турган жыйынында Өзбекстан уюмдун антиттеррордук борборунун кеңсесин Ташкенде ачуу маселесин коюуга камданып жатат жана бул идеяны Өзбекстанга келген Орусиянын президенти Владимир Путин колдоого алды» деген маалымат таратты. Бирок мындай кабардын тактыгына Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары, Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча улуттук координатор Асанбек Осмоналиев күмөн санаганын айтты.

- Негизинен, уюмдун бардык документтеринде антитеррордук борбордун кеңсеси Бишкекте жайгашаары айтылган, - деди Асанбек Осмоналиев.

Анын айтымында, уюмдун үч документинде - анын Хартиясында, уюмдун антитеррордук структурасы жөнүндөгү келишимде жана террорчулукка каршы күрөш боюнча конвенцияда уюмдун антитеррордук борборунун кеңсеси Бишкекте жайгашаары айтылган. Бул документтер болсо уюмга мүчө болгон Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Кытайдын жана Кыргызстандын парламенттери тарабынан ратификацияланган, айрымдарында ратификацияланып бүтүп калды. Антитеррордук борбордун кеңсесин Ташкенде ачыш үчүн ошол документтердин баарына өзгөртүү киргизүү зарыл, бул болсо өтө татаал маселе.

«Өзбекстан ислам кыймылынан» жана Ооганстандан келүүчү коркунучтан коргонуу максатында Өзбекстан ШКУга 2000-жылы мүчө болуп кирген. Кыргызстан сыяктуу эле Өзбекстан да Кошмо Штаттардын антитеррордук өнөктүгүн колдоого алып, Ханабаддагы аба майданын коалицияга пайдаланууга берген.

Эгер Кошмо Штаттар баштаган антитеррордук коалиция дүйнө жүзүнүн алкагында террорчулукка каршы күрөшүп жатса, Шанхай Кызматташтык Уюму террорчулукка жана экстремизмге – жикчилдикке каршы күрөштү уюмга мүчө болгон мамлекеттердин аймагында гана жүргүзүү менен чектелмекчи. 12-августта аяктап жаткан биргелешкен аскердик машыгуу ШКУнун реалдуу аскердик биримдикке айланганын далилдеди. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоевдин айтымында, аскердик машыгуунун негизги максаты террорчулукка каршы күрөш болуп эсептелет.

- Аскердик машыгуу өткөрүүгө Борбор Азия аймагында, Ооганстанда жана Орусиянын түштүгүндө түзүлгөн аскердик-саясий абал түрткү болду. Аскердик машыгуунун максаты – террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүүдө биргелешип аракеттенүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу. Аскердик машыгуунун убагында алынган тажрыйбалар Борбор Азия аймагынын, анын ичинде уюмга мүчө мамлекеттердин абалын чыңдоого кызмат кылат деген ойдомун, - деген пикирин айткан эле коргоо министри Эсен Топоев аскердик машыгуу башталган 6-август күнү.

Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хун Цзюин мырза аскердик машыгуунун маанилүүлүгүн 6-августта мындай деп баалаган эле:

- Биздин өкмөт Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында террорчулукка каршы күрөш боюнча биргелешкен аскердик машыгууга чоң маани берет. Анткени биздин алдыбызда террорчулукка каршы күрөш боюнча оңой-олтоң тапшырма турган жок деп айтаар элем. Мындан 3-4 жыл мурда террорчулар Кыргызстанга кол салышкан. Ооганстанда азыр да абал тынч эмес. Кытайда да террорчулар бар экенин сиздер жакшы билесиздер.

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун «Шанхай Кызматташтык Уюму Кытайдын кызыкчылыгын коргоо максатында түзүлгөн жана аскердик машыгууга Кыргызстандын катышканы туура эмес болду» деп эсептейт.

- Менин оюмча, Шанхай Кызматташтык Уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүнүн эч кандай кажети жок болчу. Шанхай Кызматташтык Уюму өз учурунда Кытайдын Борбор Азия аймагындагы таасирин күчөтүү максатында түзүлгөн. Кытай уйгурларды эзип жатат. Алардын укуктары тебеленип жатат. Муну «Хьюман Райтс Вотч» баштаган эл аралык укук коргоочу уюмдар ачык айтып, Кытайдын жетекчилигин сынга алып келатышат. Ошондой маалда аскердик машыгуу өткөрүп, «эл аралык террорчулукка каршы күрөшүп жатабыз» дегени - болбогон нерсе, - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.
XS
SM
MD
LG