Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Түндүк Корея боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр Пекинде 27-августа башталары күтүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж билдирди. Сүйлөшүүлөр 27-августа башталарын дипломаттарга шилтеме берип Орусиянын маалымат агенттиктери да кабарлады. АКШ Түндүк Кореяны 1994-жылкы келишимди бузуп, өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптоодо. Түндүк Кореянын өзү АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Жапония, Орусиянын өкүлдөрү катышуучу сүйлөшүүлөр Пхеньянды бул жолдон айнытуу максатын көздөйт. Пекиндеги алты тараптуу сүйлөшүүнүн алдында, Вашингтондо АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын өкүлдөрү жолуккан жатат.

XS
SM
MD
LG