Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Иракта америкалык аскерлерге кол салуу уланууда, АКШ Башкаруу кеңеши таанылышын көздөп жатат


Ирактын түндүгүндөгү бүгүнкү кол салуудан үч жоокер жаракат алды. Окуя Тикрит шаарынын жанында, ал-Шумаят деген жерде болуп, кол салгандар гранаталарды пайдаланган. Өткөн түнү Ирактын түндүгүндөгү эки кыштакты тинтүү учурунда 70тей адам кармалган эле. Аскерлер бул аймактардан Ирактын мурдагы жетекчилеринин бирин издеген, бирок ал табылган эмес. Кармалгандардын көбү кийинчерээк бошотулду. АКШ Ирактын алар тарабынан түзүлгөн Башкаруу кеңешин таанууну караган резолюция долбоорун кечээ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө тапшырды. Документте Иракта БУУнун миссиясын уюштуруу да каралган. Вашингтон резолюция ушул аптада добушка салынышын көздөөдө. Ал эми Египет араб өлкөлөрү Башкаруу кеңешин Ирактын өткөөл өкмөтү катары тааный албасын кайрадан билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG