Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Израилдин аймагындагы жаңы терракттардан эки адам өлүп, он чакты киши жаракат алды


Бүгүнкү жардыруулар үчүн палестиндердин "Хамас" жана "ал–Аксы шейиттери" уюмдары жоопкер болду. Палестин согушчан топтору 29–июндан тартып Израил менен үч айга утурумдук элдешүү жарыялагандан бери мурдагыга салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрүп келген эле, эми ал бузулду. "Хамастын" өкүлү Абдел Азиз ал-Рантисинин билдиргенине караганда, бүгүнкү жардыруу - Израилдин соңку аскерий аракеттерине алардын берген жообу. Алгач палестин жанкечтиси башкалаа Тель-Авивден алыс эмес жердеги Рош-Ха-Айн деген чакан шаарчанын чоң дүкөнүндө өзүн жардырып жиберген. Мындан бир саат өтпөй эле дагы бир жанкечти Иордандын Батыш жэгиндеги Ариэль деген конуштун автобус токтоочу аялдамасынын жанынан өзүн жардырган. Эки учурда тең жанкечтилерден башка бирден адам мерт болду жана он чакты киши жаракат алды. Бүгүнкү терракттарды жөөт жана палестин өкмөт башчысы тең айыптады. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун айтымында, палестин бийлиги согушчан топторду таратмайынча тынчтык жараянында прогресс болбойт. Буга байланыштуу Израилдин өкмөтү мурда белгиленгендей 70тен ашуун палестинди абактан чыгарууну токтотту.

XS
SM
MD
LG