Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Барсбек кагандын өмүрүн жана өлүмүн тактоо - кыргыз таануудагы маанилүү маселелердин бири. Айрым окумуштуулар «Барсбек шейит болгон соң, анын сөөгү коюлбай калган» деп жүрүшөт. Чындап эле кыргыздар даңазалуу уулун ардактап көмбөй калышканбы?

Кечээ жакынкы Совет мезгилиндеги илим тескеген айрым адамдар Барсбекти билбей, эгер билсе да боюна жолотпой келишсе, бүгүн, тескерисинче, Барсбек дегенде калемдеринин сыясы кургабай төгүлүп, макалалар, китептер жазылып атат. Бирок бейадис мамиледен улам өкүмдардын өзүнө эле эмес, Кыргыз каганатына чиркөө болчу ой айтылып, ал академиялык басылмалардан маалымат каражаттарына өтүп, жаңылыш пикир калк арасына жайылып кетти.

Арийне, Алтынкөлдөгү руникалык жазуу эстелигин кайрадан окуп чыгып, аны башкача тарыхый нукта түшүнүүгө дем берген санктпетербургдук чыгыш таануучу Сергей Григорьевич Кляшторныйга ыраазычылык билдире кетүү парз. Анткен менен адистин бардык тыянагына кошула берүү мүмкүн эмес.

Илимде «Алтынкөл I» деген эстеликти буга чейин академик В.В.Радлов, түркиялык түрколог Хусейин Намик Оркун, совет түркологиясынын шейхи С.Е.Маслов, С.Г.Кляшторный жана И.В.Кoрмушиндер окуп, өз ойлорун айтышкан. Бүгүн Кыргызстанда Алтынкөл эстелигиндеги Барсбекке байланыштуу ой толгоолор жалаң С.Г.Кляшторныйдын 1976-жылы жарык көргөн «Стелы Золотого озера» аттуу макаласынын негизинде жасалып жүрөт. Санктпетербургдук адис Алтынкөл эстелигин жаңыча окуп чыгып, анын маанисине жараша тарыхый окуяны калыбына келтирүүгө аракет кылган. Албетте, андагы жетишилген ийгиликтер илим үчүн өрнөк болуп кызмат кылаары бышык. Мисалы, Барсбек кагандын так бийлигинин аты Ынанчу Алп Билге экендиги жана Тибетке элчиликке кеткен Эрен Улуг Барсбектин адамы экендиги аныкталды. Бирок эстеликтин 6-сабы боюнча жасалган жоромолго кошулуу кыйын. Эстеликтин бул сабы санктпетербургдук адистин калыбына келтирүүсүнө ылайык төмөндөгүдөй мазмунда которулган: «Алты эрди өзүң менен кошо алган жоксуң! Аргымакты өзүң менен албадың! Үч идишти өзүң менен алган жоксуң!»

Сергей Григорьевич Кляшторный «эстеликтин бу саптары каармандын же Барсбек кагандын сөөгү салтка ылайык көмүлбөй калгандыгын бышыктайт» деп жоромол жасайт.

Мындайда адегенде акылга «чындап эле кыргыздар өзүнүн өкүмдарын, баатыр башчысынын сөөгүн талаага таштап салганбы» деген ой кетет. Кийинки китептер менен популярдуу макалаларда «Барсбектин сөөгү жоголуп, салтка жараша коюлбай калган» деп жазылып жүрүшү калпыс жоромолду талдоо зарылдыгын жаратат.

Тарых окуяларына караганда, Түрк каганатынын өкүмдарлары Барсбек каган менен басташуу зарылдыгын туйган соң, Кыргыз өлкөсүнө кыш мезгилинде чапкын жасашкан. Орхон эстеликтеринде «биз алардын каганы менен Сунга черинде салгылаштык. Кыргыз каганын өлтүрүп, мамлекетин алдык» деп айтылат. Тонюкуктун кабарлоосуна ылайык, түрк аскерлери «кыргыздар уйкуда жатканда» басып киришкен. Эстеликтин поэтикалык мазмунунан кылайып чыккан тарых мерчеминде Барсбек кагандын кандай шартта шейит учкандыгы аныкталат.

Барсбек каган баштаган, Кытай, Түргөш мамлекеттеринен турган үчтүктөр коалициясы 711-жылдын жай айында «Түрк өлкөсүнө кол салабыз» деп сөзүн бекемдешкен. Эл, жери тынч, көөнү ток Барсбек чакан кол алып, өлкөнүн түштүк чегин текшерип чыккан. «Кыш мезгилинде кайсы жоо келсин» деп, балким аң уулап, чер жазып жүргөн маалда Саян тоосун ашып түшкөн сансыз түрк колу бейкам жаткан Барсбекке кол салган.

Алтынкөл эстелигинде Барсбектин мындай энөөлүгү «алты эрди, аргымакты өзүң менен кошо ала кеткен жоксуң» деп кошулат. Башкача айтканда, мында Барсбектин сөөгү табылбай, аргымакты жана үч идишти көрүнө албай кетти деген өкүнүү эмес, тескерисинче, Алтынкөл эстелигинин ушул сабы Кыргыз каганатынын мамлекеттик уюшулушунан кабар берет. Кытай жазма булактары маалымдагандай, Кыргыз мамлекети үч тутуктукка бөлүнгөн. Алар өз кезегинде алты бектиктен турган.

Алтынкөл эстелигинде айтылган «өзүң менен кошо үч идишти, алты эрди алган жоксуң» деген сап, демек, Барсбектин үч тутуктарды чогултуп, алты бектиктен кол курабай, жоодон шейит учкандыгын айтып жүрбөсүн?

Алтынкөл эстелигинде «өзүң менен кошо аргымакты алган жоксуң» деген сап, «Барсбек кагандын сөөгү табылбай калган» деген жоромолго каршы далил боло алат.

Ошол мезгилдеги кыргыз жөргөлгөсўндө маркум менен кошо атты коюу салты колдонулган эмес. Асыресе, муну археологиялык материалдар да айгинелейт. Ал эми «аргымакты алган жоксуң» деген сап болсо, Барсбектин жоого минчү аргымагын таштап, жардамчы ат менен кетишин айтышы мүмкүн. Айтылуу Манас дагы кээде энөөлүк кылып, Аккуланын ордуна Айбанбозду минип чыкканы арбын кездешет эмеспи.

Эми Барсбектин, болгондо да кагандын сөөгүнө кайрылсак. Өмүр менен өлүм маселеси, айрыкча сөөккө байланышкан салт байыркы коомдун адамынан азыркыга чейин өз актуалдуулугун жогото элек. Адам коомунун басымдуу бөлүгүндө «кишинин жашоосу ал өлгөндөн кийин да уланат» деген түшүнүк колдонулат. Мындай адат түрк, монгол тилдүү элдер, ошондой эле кыргыздар үчүн мүнөздүү көрүнүш. Ошондуктан сөөктү сыйлашып, ар түркүн ырым-жырым, жөрөлгөлөр жасалып, жол-жоболор иштелип чыккан. Жалпылап айтканда, маркумдун сөөгү бир элдин маданий, этнографиялык салтын туюнта турган белги алган. Мисалы, ухуань деген эл хунндардан өч алуу максатында алардын өкүмдарынын мүрзөсүн ачып мазактагандыгы үчүн хунндар тарабынан кырылып, тарыхта аты өчкөн. Кыргыздар да майдан талаасына же душмандардын колуна өлгөндөрдү калтырышкан эмес. Жоокер майданда өлгөн учурда маркумдун этин шылып салышып, сөөгүн жүрөгү менен кошо алып эл-жерине жеткирип, сый урмат менен жерге беришкен. Сөөктү душмандар мазактабасын деген максат менен атактуу адамдардын мүрзөсүн элге билгизбей жашырып көмүшкөн. Манас атабызды да Каныкей энебиздин жашыруун көмүшү – сөөккө болгон ишеним салттын сакталышынын бир белгиси.

Ушул жана жогоруда айтылган далилдер «Барсбектин сөөгү табылбай, салтка ылайык көмүлбөй калган» деген жоромолду жокко чыгарат.
XS
SM
MD
LG