Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

ВАН КЫРГЫЗДАРЫНЫН КӨРКӨМ СӨЗ ӨНӨРҮ


Сулайман Кайыпов, Ван шаары, Түркия Ван кыргыздарынын салттуу маданияты тутумунда көркөм сөз өнөрү өзгөчө мааниге ээ. Ал — коомдук турмуштун түрдүү-түркүн маселелерин көркөм чагылдыра билүү кудуретине эгедер, түр жана жанрдык жагынан оожалган, эң эле жалпылаштырып айтсак, элдик оозеки чыгармачылык, акындык өнөр жана адабий салтты өз ичине камтыган эстетикалык система.

Бул системанын өзөгүн түзүп турган элдик оозеки чыгармачылык жалпы кыргыз фолклорунун ареалдык бир көрүнүшү экени күмөнсүз. Ошого жараша, анын тутумунда жалпы кыргыз эл оозеки мурастары менен нурку бир, өңдөш, же ага таптакыр коошпогон, жаңы мисалдардын болуп калышы да мыйзамченемдүү нерсе. Колубузда болгон булактарга таянсак, Ван кыргыздарынын элдик оозеки мурастары: 1) Элдик эпос; 2) Элдик лирика; 3) Афористик чыгармалар; 4) Элдик драманын элементтери; 5) Элдик оюндар сыяктуу тектерден турат.

Элдик эпосторду мазмунуна жана бычынына карата: 1. Элдик проза; 2. Жомоктор (эпостор) деп экиге бөлсө болот. Элдик проза түрлөрүнөн жөө жомоктордун кеңири өрчүгөндүгү ачык көрүнөт. Кереметтүү жана айбанаттар жөнүндө жөө жомоктор менен катар, турмуштук, сатиралык жөө жомоктор да кеңири учурайт.

Айтылуу "Эр Төштүк" жомогунун салттуу сюжети кадимки кыргыз баатырдык жөө жомокторунун стилинде баяндалат. Алар менен бирге эле легенда, уламыш, ошондой эле оозеки аңгемелердин да кеңири айтылып келгендиги байкалат.

Ван кыргыздарынын эл оозеки чыгармачылыгында жомок айтуу салты олуттуу айрымачылыктарга ээ. Мисалы, кыргыз фолклористикасында көптөн бери колдонулуп келе жаткан чоң эпос жана кенже эпос деген терминдерди бул кыргыздардын эпикалык мурастарына карата колдонууга эч мүмкүн эмес. Себеби, "Манас", “Семетей” жомоктору азыркы кезге чейин айтылып келе жатса да, кыргызстандык манасчылардын варианттары сыяктуу зор көлөмгө ээ эмес. Дегеле кандайдыр бир баатырдын башынан өткөн окуяларын биографиялык принципте, көтөрүңкү эпикалык стил менен кеңири баяндаган тарыхый-баатырдык жомоктор али каттала элек.

Эпикалык мурастардын ичинен "Гөруулу" жомогу тууралуу эскербей кетүүгө болбойт. Жомоктун тили Ван кыргыздарынын сүйлөшүү тилинен бир топ узак. Азыркы кыргыз адабий тилине же кыргыз диалектилеринин да эч бирине окшобойт. Кээ бир жерлери чагатайчага, көбүнчө азыркы түрк тилдеринин ичинен түркмөнчөгө жакын турат. Эң кызык жери, жомокчу Аашым Дарыябай уулу “Гөруулуну” кыргызча айтып жатканынан эч шек санабайт. Угуучулар да бул башка бир тилде айтып жатабы деп ойлошпойт, суранып айттырышат, айтылып жаткан текстти толук түшүнүшөт.

Башка түрк элдеринде кеңири айтылып, кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында толук кандуу жомоктук варианты катталбаган "Алпамыш" жомогунун мурда популярдуу болгондугу байкалат. Бирок, азыр жомоктун мазмуну, негизги баатырдык темасы өзгөрүлүп, ашкере апыртмалуу, күлкү чыгаруучу сатиралык жөө жомокко айланып калгандыгын көрүүгө болот.

Элдик оозеки чыгармачылыктын дагы бир өзгөчө теги болгон лирика да Ван кыргыздарынын фолклордук салтынан кеңири орун алган. Ырым-дарым ырлары, өлөң, дүрө, дин ырлары, күү ырлары, рамазан, кошоктор, ашыглык, дидактикалык ырлар, тарыхый ырлар, саясый ырлар, арман ырлары, кордоо ырлары, эротикалык ырлар сыяктуу, жалпы кыргыз эл оозеки салтында учураган жана учурабаган лирикалык жанрлар бар. Булардын ичинен эң эле кеңири жайылган жана оожалган түрлөрү катары сүйүү ырлары менен кошокторду көрсөтүүгө болот.

Кийинки кездерде фолклорчулар тарабынан паремиология же афористика деп аталып келаткан чыгармалардын түрлөрү да Ван кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгында арбын кездешет. Алар: алкыш, каргыш, метел, лакам, табышмак, тилсындырмак ж.б.лар. Негизинен, жалпы кыргыз паремиялогиясына дал келсе да, айрым бир ареалдык өзгөчөлүктөргө, турмуштук реалийлерден улам келип чыккан деталдарга бай.

Кээде эл оозеки чыгармачылыгына таандык деп эсептелбеген элдик оюндардын да Ван кыргыздарынын салттуу маданиятында өз орду бар. Аларды спорт оюндары, көңүл ачуу оюндары деп эки чоң топко бөлүүгө мүмкүн. Спорт оюндарына эң башта көк бөрү (улак), ордо оюндары кирет. Көңүл ачуу оюндарында сөзсүз ыр, обон, юмор өз ордун табат.

Кыргыз фолклористикасындагы кеңири жайылган пикир боюнча кыргыздарда элдик театр эч качан болгон эмес. Ван кыргыздарынын фолклорунда болсо, элдик театрдын элементтеринин бар экендиги талашсыз.

Ван кыргыздарынын акындар чыгармачылыгы тууралуу өзгөчө сөз болушу керек. Айдаке, Үмар, Рыскул, Амира, Шамши, Орун, Пазыл, Мансур ж.б.лардын ырчылык салтын улаган Аашым, Чээнбек, Сатар, Кенжебай, Абдырахман, Мадемин, Осмонаалы, Келдибек, Маматтурду, Нурмахаммат ж.б. өнөрпоздордун чыгармачылыгы азыр көп өзгөрүүлөргө учураган.

Акырында, “Ван кыргыздарынын адабий салты” деген түшүнүккө келсек, толук кандуу, орошон адабий салт болбосо да, стилдик жагынан оозеки чыгармалардан таптакыр айрымаланып турган, чыныгы адабий чыгармалардын жазылгандыгын айтууга болот. Памирде жашап жаткан кездеринде эле айрым окумал, таланттуу адамдар адабий чыгармалар жазууга белсенишкен. Таабалды, Абдилмалик, Мухаммедакбар ж.б. билимдүү адамдар Орто Азия түрктөрүнүн орток мурасы болгон чагатай адабиятынын салтын улап чыгармалар жазышкан. Азыркы кыргыз тилинде жазылган чыгармалар да аз эмес.

Ошентип, Ван кыргыздарынын көркөм сөз өнөрү түр жана жанрларга бай, изилдөөгө жана жарыялоого татыктуу, азырынча атайын сөз бутасы боло элек эстетикалык казына десек болот.
XS
SM
MD
LG