Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

БИРИККЕН УЛУТТАРДА ИРАК БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯ ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттары Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун даярдап, аны Бириккен Улуттарга тапшырды. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү ал долбоорду 12-август күнү кечинде талкуулай баштады жана дипломаттардын пикиринде, ушул аптанын аягына чейин алар долбоорду жактыраары күтүлүүдө.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине 15 мамлекет мүчө болуп кирет, алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция - туруктуу мүчөлөр, калган он мамлекет мезгил-мезгили менен бир-бирин алмаштырып турат. Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеген дипломаттардын "Азаттыктын" кабарчысы Роберт Макмагонго айтканына караганда, үстүбүздөгү аптанын аягына чейин туруктуу мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү долбоорду жактыраары күтүлүүдө жана андан соң Коопсуздук Кеңешинде боло турган талкууда долбоорго каршы эч ким каршы чыкпай тургандай.

1483-номерлүү бул долбоорду АКШ даярдаган жана анда эки негизги берене бар. Анын биринчисине ылайык, мындан бир ай мурда Иракта түзүлгөн жана Башкаруучу кеңеш деп аталган убактылуу өкмөт Бириккен Улуттар тарабынан таанылат. Экинчи беренеге ылайык, өлкөнү калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар Уюму кеңирирээк тартылат жана Иракта анын атайын миссиясы ачылат.

Ирактын Башкаруучу кеңеши министрлерди жана дипломатиялык өкүлдөрдү дайындоого укуктуу жана жакында өлкөнүн жаңы конституциясын даярдоо максатында эксперттик топ түздү. Ал топ - конституцияны кабыл ала турган конституциялык ассамблеяны даярдап-түзөт. Америкалык башкаруучулуктун колдоосу менен пайда болгон бул Башкаруучу кеңеш бир айдан бери иштеп жатканына карбай, көпчүлүк араб мамлекеттери аны тааный элек, ошондуктан Бириккен Улуттар жаңы долбоорду кабыл алса, чет өлкөлөр да ал кеңеш менен кызматташа баштай турганы анык.

Ирактагы кайра куруу иштерине Бириккен Улуттардын кеңири тартылышы болсо - Ирак маселеси боюнча дүйнө мамлекеттеринин АКШга жардам көрсөтүүсүн көбөйтөт деп күтүлүүдө. Американын Колумбия университетинин Эл аралык уюмдар борборунун деректири Эдвард Лактын пикиринде, Ирак согушуна каршы чыгып келген өлкөлөр дагы эми Ирактагы кайра куруу иштерине катышышы мүмкүн: "Ирак маселесинин чаташтыгы жана согушту аз эле өлкө колдогондуктан, Ирак иштерине катышуу үчүн дүйнө мамлекеттерине мындай резолюция керек. Кийин, баары аяктагандан соң, алар АКШ сурагандыктан же АКШ талап кылгандыктан эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун чечими ошондой болгондуктан биз катышканбыз деп айта алат".

Ирак согушун Америка Кошмо Штаттары кээ бир дүйнө мамлекеттеринин каршылыгына карабай, өз алдынча баштагандыктан, азыр абдан көп чыгымга дуушар болууда. Андан тышкары, согуштан кийин Иракка аскер жиберүүгө да кээ бир өлкөлөр Бириккен Улуттардын чечимисиз макул болбой келген. Иракта жайгаштырылган аскерлердин 90 пайызы азыр - АКШдан келгендер.

Лондондо чыгуучу "Файнэншл таймс" гезитинде жарыяланган маалыматтарга караганда, Ирак согушуна жана андан кийинки иштерге АКШ бардыгы болуп 48 миллиард доллар сарптады жана азыр ай сайын төрт миллиард доллардан коротууда. Эксперттердин айтымында, өлкөнү калыбына келтирүү иштери төрт жылга созулушу мүмкүн жана азыркыдай абал улана берсе, Америка Кошмо Штаттарынын жалпы чыгымы 200 миллиард долларга чаап барышы ыктымал. Ошондуктан Иракка башка мамлекеттердин аскерлери келип жана кээ бир иштерге Бириккен Улуттар катыша баштаса, чыгымдар бир кыйла азаят.

1991-жылдагы биринчи Ирак согушундагы чыгымдардын 80 пайызын АКШдан башка мамлекеттер көтөргөн. Косового эл аралык аскерлер киргизилгенде дагы, Американын ал кездеги президенти Билл Клинтон Европа мамлекеттери менен татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акырында Косоводогу чыгымдардын 15 гана пайызы Кошмо Штаттарга жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG