Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

БРИТАНИЯ: ДЕВИД КЕЛЛИНИН ӨЛҮМҮ СОТТО ТЕРИШТИРИЛҮҮДӨ


Британияда өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси, маркум Девид Келлинин өлүмүнө себеп болгон жагдайларды аныктоо боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Окуя Саддам Хусейндин режимин кулатууга катышкан британ өкмөтүнүн Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү доклады менен байланышкан. Шейшемби күнү сотто Би-Би-Си корпорациясынын журналисти суралды.

Кезинде Улуттар Уюмунун курал-жарак инспектору болуп иштеген Девид Келлинин билегиндеги кан тамырлары кесилген сөөгү өткөн айдан өз үйүнөн алыс эмес жердеги токойдон табылган эле. Өлөөрүнүн алдында ал Ирактагы согушту улай британ коомчулугу менен саясий чөйрөсүндө тутанган жаңжалдын чак ортосунда калган болчу. Мунун жүйөөсү коргоо министрлигинде кеңешчи катары иштеген Девид Келли Би-Би-Синин журналистине британ өкмөтү Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгын маалыматтарын бурмалады деген кабарды бергени үчүн шектелгенинде. Ушундан улам ал өз жанын өзү кыйган деп жыйынтык чыгарылган.

Девид Келли өзү көзү тирүү кезинде, британ парламентинде көрсөтмө берген учурунда Би-Би-Си үчүн маалымат булагы болбогонун айткан. Бирок Би-Би-Си Девид Келли чын эле маалымат булагы болгонун ал өлгөндөн кийин ырастады. Эми британ коомчулугунда чоң чуу жараткан бул окуяга соттук териштирүү аркылуу тактоо киргизилген жатат.

Шейшемби күнү сотто Би-Би-Си корпорациясынын Эндрю Гиллиган деген журналисти көрсөтмө берди. Дал ушул Гиллигандын репортаждары Би-Би-Си менен өкмөттүн ортосунда талаш чыгарган болчу. Гиллиган май айындагы репортаждарынын биринде чалгын кызматынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип, өкмөт Ирактын массалык кыргын салуучу куралдарынан келген коркунучту апыртып жибергенин айтып чыккан эле. Ал шейшемби күнү сотто көрсөтмө берген учурунда чын эле ошондой маалыматты маркум Девид Келлиден алганын билдирди. Бурмалоонун классикалык үлгүсү катары журналист Ирактын биологиялык жана химиялык куралдары 45 минуттун ичинде даярдыкка келтирилиши мүмкүн деген ырастоону мисал кылды. Журналисттин айтымында, маркум Девид Келли аны менен болгон маегинде бурмалоого жоопкер адам катары премьер-министр Тони Блэрдин маалымат боюнча кеңешчиси Алистер Кэмпбеллди атаган экен.

Айтор, соттук териштирүү азырынча алгачкы баскычында гана бара жатат. Анткен менен келтирилген далилдер өкмөт үчүн жагымдуу боло элек. Айрым өкмөт адамдары маркум Келлини майда чиновник катары мүнөздөшүп, журналисттерге маалымат берүү менен кызмат даражасына ылайык келбеген ишке барганын айтышкан. Ал эми сотто көрсөтмө берген күбөлөр болсо Девид Келли коргоо министрлигинде чалгындоо маалыматтарын алууга укуктуу болгонун, Британиянын массалык кыргын салуучу куралдар боюнча Иракта иштөө тажрыйбасы бар белдүү эксперттеринин бир экенин белгилешти. Атүгүл коргоо министрлигинин бир өкүлү сотто чалгындоо кызматынын эки офицери кат жазып, Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү докладда маалыматтардын берилиш ыкмасына учурунда нааразылык билдиргенин айтты.

Эмнеси болсо ушул сыяктуу окуялардын британ премьери Тони Блэрдин өкмөтүнө карата калк ишениминин азайышына өбөлгө бергени талашсыз. "You Gov" деп аталган уюмдун ушул аптадагы изилдөөлөрү көргөзгөндөй, сурамжылоого тартылгандардын 41% Девид Келлинин өлүмү үчүн өкмөттү күнөөлөшөт. Үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү өкмөт жалганчы жана ишенимсиз деген пикирде. Ал эми 29% Девид Келлинин өлүмү үчүн жоопкерчиликти журналисттерге жүктөгөн.

Британиядагы Эссекс университетинин профессору Энтони Кингдин айтымында, премьер-министри Блэр кызматынан кол жуубаса да, эми аброй алышы арсар:

- Ал саясий бийлигин, моралдык бийлигин, өзү каалаган нерсеге элди ынандыруу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтире алабы? Менимче, ал муну жасай албайт. Менимче, анын айланасында айтылып жаткан алдамчылык, ак ниетсиздик, көз боёмочулук жөнүндөгү айыптоолор, алар ага түздөн түз багытталбаса да кызматтагы калган мөөнөтү үчүн салмагы жана убактысы жагынан көптүк кылат. Тони Блэр Ирак согушуна чейинки абалына салыштырганда - азыр жараланган саясий лидер.

Келечекте сотто Девид Келлинин иши боюнча премьер-министри Тони Блэрдин өзү да көрсөтмө берери каралган. Айрым эксперттер жогорку даражалуу күбөлөрдөн үч–төрт адам гана көрсөтмө берип, ал эми сот жараяны узакка созулса, коомчулуктун кызыгуусу жоголуп, убакыт өкмөттүн пайдасына ойношу мүмкүн деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG