Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИ: МАКУЛ, КАРШЫ, КАЛЫС Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу кеп кылганда жанындагы коңшу өлкөлөр мисалга тартылып, Өзбекстан менен Түркмөнстан, Тажикстан айтылат. Аларга салыштырмалуу өлкөдө сөз эркиндиги кыйла канат жайып калганы мактаныч менен сыпатталат. Антсе да цензура алынып ташталганы менен, республикадагы маалымат каражаттарынын буту-колун тушаган тоскоолдуктар толтура. Анын айынан маалымат каражаттары өлкөдө болуп аткан коомдук-саясий процесстерди болгонун болгондой ачык чагылдыруу жагынан кыйла мүчүп келатканы белгилүү. Өкмөттүк маалымат каражаттарында бийликтин аракет-кыймылы бир өңчөй мактоого алынса, эркин маалымат каражаттарында сынчыл маанай күчтүү.

Ушу тапта чыгып аткан маалымат каражаттарынын көбү өз алдынча, мамлекеттик бийликке көз каранды эмес. Анткен менен ушу азыр деле аткаруу бийлигинин колунда кыйла маалымат каражаттары бар. Тигил же бул саясий өнөктүк тушунда өкмөттүк гезит-журналдар, радио, телекөрсөтүү, башка маалымат каражаттары жалаң расмий бийликтин позициясын гана жактап, анын идеологиялык камчысын чаап бериши көнүмүшкө айланган. Демократия талабына кайчы келген мындай эки ачакейликти азыркы кыргыз бийлиги убактылуу көрүнүш катары түшүндүрүүдө. Мезгил-сааты келгенде өкмөттүк, жергиликтүү бийликтин колун караган маалымат каражаттары эркиндик алаары дайыма айтылып келет. Антсе да андай эркиндикти каалабаган журналисттер деле көп. Экономикалык оор чакта маалымат каражаты мамлекеттин колдоосунда турушун зарыл деп эсептегендердин пикири деле биралдын жүйөөлүүдөй туюлат. Чүйлүк журналист Убайдакан Кайдулатованын ою боюнча, «биздин тигил жакта мындай болуп атат, тигил жакта тигиндей болуп атат» деп, пайдасыз сындарды жаза беришибиздин кереги жок».

Кийинки жылдары сөз эркиндигинин жоопкерчилиги тууралуу көбүрөөк кеп боло баштады. Антишке эркин гезиттерге каршы соттук доо-арыздардын көбөйүп кетиши, бир топ басылмалардын сот колу менен жабылышы себеп болду шекилдүү. Сөз эркиндигине тымызын-ачык басмырлоо күчөп баратканын көргөн эл аралык уюмдар Кыргызстанды эркин эмес мамлекеттердин катарына кошту.

Эл аралык «Фридом Хаус» уюмунун аткаруучу директору Женифер Виндзордун маалыматы боюнча, «соңку сурамжы-иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан «эркин эмес өлкө» деп аталды. Туура, Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырмалуу Кыргызстандын рейтинги бийик. Анткен менен адам укугу жагынан чындап алдыга кеткен өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан артта».

Эгемендик жылдарында «Свободные горы», «Политика», «Ордо», «Асаба» сындуу басылмалар сот чечими менен жабылганы белгилүү. Ушундай эле тагдырга «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезиттери туш келди. 2001-жылы сот колу менен банкрот болгон «Асаба» гезитинин ордуна «Агым», «Вечерний Бишкек» гезитинен бөлүнүп «Моя столица» гезити чыкты. Эркин гезиттерди ооздуктоо амалында Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн 16 гезиттен каттоо күбөлүгүн кайтарып алган. Бийликтин бул аракети сөз эркиндигин ооздуктоо катары бааланган. Аны «Агым» гезитинин башкы редактору Мелис Эшимканов ошол 2001-жылы мындайча түшүндүргөн:

- Мына, 20-июнда Минюстта акыркы 3 айдан бери каттоодон өткөн 16 гезитти жокко чыгарышыптыр. Мунун себебин мен жакшы билем. 16 гезиттин 14 жөн эле курмандыкка чалынып кетти, эки гезиттин шылтоосу болду. Бул «Моя столица» гезити. «Вечеркадан» бөлүнүп чыккан күчтүү гезит болуп калмак да, «саясий үй-бүлөгө» көз каранды болуп калган «Вечерний Бишкекти» гезит рыногунан сүрүп чыгарган күчтүү гезит болмок.

Анткен менен чыкканына бир жыл толуп-толбой «Моя столица» гезити кайра эле сот колу менен жабылууга аргасыз болду. Басылма соттук айыппулдарды төлөөгө кудурети келбей, банкрот болгонун ушул жылдын 11-июнунда кабарлап, гезиттин башкы редактору Александр Ким эми бир айла – жаңы гезит чыгаруу амалы гана калганын маалым кылган.

- Биз бүгүн гезитти жабууга аргасызбыз. Эми башка гезит чыгаруунун аракетине киришсекпи деп турабыз. Кандай гезитти чыгара турганыбызды азырынча айта албайбыз, - деген эле Александр Ким.

Башкы редактор жалтайлап ачык айта албай аткан жаңы гезит «Моя столица» жабылгандан аз өтпөй жарыкка чыкты. «Моя столица» гезити азыркы кыргыз басылмалары батына албаган теманы – президенттин үй-бүлө бизнесин жазып чыккан.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги бийлик менен оппозициянын, чындык менен жагымпоздуктун түгөнбөс тирешинин айынан саясий күрөштүн чок ортосунда калууда.
XS
SM
MD
LG