Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Кыргызстандыктар каратэ боюнча бир алтын, бир күмүш медалды жеңип алышты


БИШКЕК. Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргызстандык спортсмендер каратэ боюнча Жапонияда өткөн дүйнөлүк мелдеште бир алтын, бир күмүш медал жеңип алышты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандын Каратэ боюнча улуттук федерациясынын президенти Азади Болотбеков билдирди. Анын айтымында, алтын медалды 73 килограмм салмакта философия илимдеринин кандидаты Таалай Эсеналиев, ал эми күмүш медалды 62 килограмм салмакта Бишкектеги № 7-орто мектептин окуучусу Бек Бокотаев жеңип алышты. Жапонияда өткөн мелдешке 54 өлкөнүн спортсмендери катышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG