Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Кытайдын коргоо министри ШКУнун машыгуусун кызматташтыктын жаңы барагы катары баалады


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында өткөн аскердик машыгуулардын экинчи бөлүгү Кытайдын Кулжа аймагында кечээ аяктады. Ага байкоочу болгон коргоо министри Эсен Топоев жана машыгууга катышкан кыргызстандык аскер тобу кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Инин шаарында өткөн бул аскердик машыгууга кыргызстандык жана кытайлык жоокерлер катышып, алар барымтадагыларды бошотуу жана террористтерди жок кылуу планы боюнча машыгышты. Кытай тараптан жөө аскерлер батальону, атайын багыттагы рота, артиллерия, аскердик учактар жана танк бөлүгү катышты. Кыргызстан чабуул коюучу десанттык взводду катыштырды. Машыгууну Кытай менен Кыргызстандын коргоо министрлеринен тышкары Тажикстандын, Казакстандын жана Орусиядагы Волга-Урал аскер округунун жооптуу аскер кызматкерлери байкап турушту. Жабылыш салтанатында Кытайдын коргоо министри Цао Ганчуан бул машыгууну ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын жаңы барагы катары баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG