Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Баткен облусунда күйдүргү оорусуна чалдыккан эки адам катталды


БИШКЕК. Жугуштуу күйдүргү оорусун жугузуп алган эки адам 11-августта Баткен облусунун Кадамжай райондук ооруканасына жаткырылды. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, оору жугузуп алган бул экөө 2-августта ылаңдаган уйду союуга катышкан. Мындан тышкары, алар ошол уйдун боорун кууруп жеп, төш этин Кызылкыя шаарындагы эт базарына алып барып, сатып жиберишкен. Алынган маалыматка караганда, уйду союга бул экөөнөн тышкары жергиликтүү 5 киши жардам берген. Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, дарыгерлер уйду союуга жана сатууга катышкан атуулдарды медициналык жактан текшерип жатышат.

XS
SM
MD
LG