Индиянын Кашмир шаарындагы жардыруудан 20 адам жарат алды. Алардын алтоонун абалы катуу деп жатышат.Кашмирдин Бандипур шаарындагы соода жайында болгон жардырууну азыр эч кандай уюм мойнуна ала элек.Бирок, жергиликтүү полиция ал ислам экстремисттеринин колунан келген болуу керек деп жатат.Буга чейин Синагар кыштагында болгон жардыруудан жети адам жарат алган эле.