Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Өзбекстандык көз карандысыз журналист түрмө жазасын алды


Өзбекстандын соту бүгүн журналист Руслан Шариповду беш жарым жылга түрмөгө кести.”Хьюман райтс уотч” эл аралык уюмунун өкүлү Матилда Богнердин айтымында, ал бачабаздык кылган, жашы жетелектер менен жыныстык катнашка барып, сойкуканаларды уюштурган деп айыпталды. Ал эми адам укугун коргоочулар 25 жаштагы журналист саясий негизде камакка алынып, жазаланды деп жатышат. Анткени, ал өз макалаларында өкмөттү сынга алган. “Хьюман райтс уотч” уюмунун өкүлү андан тышкары “Шарипов түрмөдөгү уруп-сабоолорго чыдабай күнөөсүн мойнуна алып койду окшойт” деп тынчсыздангандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG