Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Иран “ал-Каиданын”колго түшкөн мүчөлөрүн АКШнын тергөөчүлөрүнүн сурашына каршы


Ирандын бийлиги “ал-Каиданын” колго түшүрүлгөн мүчөлөрүн АКШнын тергөөчүлөрүнүн суракка алуусуна уруксаат бербей тургандыгын дагы бир жолу билдирди.Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин айтымында, аларды адегенде ирандык юристтер суракка алышат. Андан кийин алар соттолушу же Иран менен макулдашуусу бар өлкөлөрдүн жарандары өз мамлекеттерине өткөрүлүп берилиши мүмкүн. “ал-Каиданын” Иранда кармалган мүчөлөрүнүн аты-жөндөрү алигиче ачык айтылган жери жок, бирок, айрым маалыматтарга караганда, алардын арасында уюмдун жетекчилери бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG