Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:22
Бүгүн Багдаддын түндүгүндө АКШ аскерлеринин автомобилине коюлган жардыргыч жарылып, андан бир жоокер набыт болуп, бири жарат алды. Фалуджа шаарынын мэринин имаратын аткылоодон жергиликтүү эки полицей жарадар болду.Өлкөнүн түндүгүндөгү Эл-Хадита шаарында мунай кууру жардырылды.АКШ менен Улуу Британиянын Ирактагы убактылуу администрациясынын башчысы Пол Бремэр эртеби-кечпи мындай чабуулдар токтотулаарын билдирди.Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Ирак боюнча резолюция долбоорун дагы эле талкуулап жатышат. АКШ даярдаган ал долбоор боюнча Ирактын Башкаруу кеңешин Бириккен Улуттар уюму таанып, Багдадда өз миссиясын башташы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG