Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

Америкада зениттик ракета сатып алгандар кармалды


Американын Ньюарк шаарында Орусияда чыгарылган “Игла” аттуу көтөрүп жүрүүчү зениттик ракетаны АКШга алып кирип бараткан жеринен үч адам кармалды.Алардын бири Улуу Британиянын атуулу болуп чыкты. Буга байланыштуу Британиянын полициясы Лондондун эки жеринде тинтүү жүргүздү. Ракетаны алып жүргөн адамдарды кармоо Орусия, Улуу Британия жана АКШнын коопсуздук кызматтарынын үч айдан берки кызматташуусунун жыйынтыгы болду. Алардын маалыматына караганда, британ атуулу Москвадагы заводдордун биринен ракетаны 85 миң долларга сатып алган жана дагы 50 ракета алмак экен.

XS
SM
MD
LG