Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ: «МЕДИА-КЕҢЕШ ТҮЗҮЛСӨ, ЧЫР-ЧАТАКТАР СОТКО ЖЕТПЕЙ ЧЕЧИЛМЕК»


Чолпон Орозобекова, Бишкек Абдил Сегизбаев президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп атканына 6 ай болду. Ал буга чейин «Кыргызстан-Сорос» фондунда, «Хелветас» өңдүү эл аралык уюмдарда иштеген. Биз аны Кыргызстандагы сөз эркиндигинин сакталышы, массалык маалымат каражаттарынын акыбалы тууралуу кепке тарттык.

- Абдил мырза, мурда го эл аралык уюмдарда иштеп, бийлик чөйрөсүнөн таптакыр алыс болчусуз. Эми «Ак Үйгө» келгенден кийин кандай өзгөрүүнү байкап, өзүңүз үчүн кандай жаңы нерсе баамдадыңыз?

- Эң негизигиси - азыркы ордумда иш көбүрөөк деп ойлойм. Бир чоң айырманы белгилеп кетким келет. Эл аралык уюмдар адатта жасап аткан ишин пропагандалап, коомчулукка жеткирип турууга аракет кылышат. Ал эми бийлик бутактарынын кылган иши тууралуу калктын такыр кабары жок. Албетте, бул кайсы бир деңгээлде маалымат кызматтарынын кемчилиги. Бирок, ошол эле учурда биз антип жалаң пропаганда менен алектенип кетишти деле каалабайбыз. Менимче, биз калкты бийлик жасап аткан иштер менен тааныштырып гана тим болбой, ага катышууга, пикирин билдирип, өз салымын кошууга тартууну колго алышыбыз керек.

- Кыргызстанда журналисттерди сотко бергендер көбөйдү. Айрым гезиттер жабылган учурлар да бар. Деги эле Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалын кандай баалайсыз?

- Акыркы он жылда бизде бул багытта жетишкендиктер бар. Айрым коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эркин гезиттерде ачык-айкын жазганга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда көп сандаган массалык маалымат каражаттары профессионалдык мыкты деңгээлге көтөрүлүп иштеп атканы кубандырат. Тилекке каршы, бардык журналисттер өзүнүн профессионалдык жоопкерчилигин сезет деп айтуу кыйын. Албетте, сөз эркиндигине байланыштуу бардык көйгөйлөр чечилди деп айта албайбыз. Ар бир нерсе салыштырууда гана айкын болот. Андыктан башка мамлекеттерге салыштырып, Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталып атат деп айта алам. Туура, кээ бир бийлик өкүлдөрү менен айрым маалымат каражаттары соттошуп атат. Мындай чыр-чатактарга эмне себеп? Менимче, айрым журналисттердин профессионалдык жоопкерчилигинин төмөндүгү жана өкмөттүк айрым мекемелерде ачык-айкындыктын жоктугу. Биздин милдет - ушул себептерди жок кылууга аракет кылуу.

- Укуктук мамлекетте го соттошуу мыйзам ченемдүү экени анык. Бирок, Кыргызстандын жөнү башка эмеспи. Деги эле «азыр бийлик тарабынан журналисттерге басым бар» деген ойго не дейсиз?

- Азыр журналисттерге бийлик тарабынан басым жок. Ал эч качан болбошу керек. Маалымат айдыңында бир аз жымжырттык сезилип атат. Бул эми жайкы эс алууга байланыштуу болсо керек. Бизде азыр эркин гезиттерге куугунтук же басым жок деп ойлойм.

- Айрым өнүккөн мамлекеттерде бийликте отурган адамдарга журналисттер менен соттошууга мыйзам жолу менен тыюу салынган. Кыргызстанда деле келечекте ошондой демократиялык нормаларга жетише алабызбы?

- Менимче, бул курулай популисттик кадам. Демократиялык мамлекетте ар бир адамга укуктук жактан бирдей шарт болушу керек. Өкмөт мүчөсүбү же журналистпи - баары тең өз адамдык абийирин сот аркылуу коргогонго укуктуу.

- «Пресс-клуб» деген бейөкмөт уюм «Медиа-кеңеш» түзүү демилгесин көтөрүп чыкты эле. Ушул ойду колдоп аткан экенсиз. Эми бул «Медиа-кеңеш» журналисттерге дагы бир мурунтук болуп калбайбы?

- Медиа-кеңеш журналисттер менен болгон чыр-чатактарды сотко чейин жеткирбей чечүүдө өтө маанилүү. Мындай уюмду журналисттер өздөрү сунуш кылышууда. Бирок, айрым журналисттерге тетирисинче соттошуулар жагат же керек окшойт. Соттошуу, чыр-чатактар аркылуу айрым гезиттер атын чыгарып, кандайдыр-бир финансылык колдоо табышат экен. Айрым журналисттер «Медиа-кеңештин» кабыл алынышына каршы чыгып атышат. Бул уюм сөз эркиндигине тоскоолдук кылбайт, тетирисинче журналисттер менен соттошууну каалагандарды кепке чакырып, ал чатакты сотко жеткирбей чечкенге аракет кылат. «Медиа-кеңештин» жол-жобосу, уставы жарыяланды, ага каалагандар өз сунушун жана сын пикирлерин айтса болот.

- Буга чейин КТРдин студиясынан жылбай отуруп, Аскар Акаев тууралуу жана башка материалдарды өз көзү көрүп, электен өткөрүп отурган басма сөз катчыларын да көргөнбүз. Сиз да ушундай тажрыйбаны улантып атасызбы?

- Биринчиден, мен мага чейин иштеп кеткен басма сөз катчыларынын ар бирин сыйлайм. Экинчиден, президенттин басма сөз катчысынын милдети - президенттин ишин элге маалымдоо, башкача айтканда президент менен элдин ортосунда көпүрө болуу. Мен өз ишимди орду менен аткарууга аракет кылып жатам. Эл арасында ушундай бир пикир бар экен, «бийликтин шыкагы менен өкмөттүк маалымат каражаттары бир жактуу маалымат таратат» дегендей. Өкмөттүк басылмалар аркылуу биз мамлекеттик деңгээлде болуп жаткан иштерди, реформалардын жүрүшүн, эл аралык алакаларды элге жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Ал эми кайсы маалымат каражатына ишенет, кайсы журналисттин бергенин угат - аны эл өзү чечет.

- Айрым чоң мамлекеттерге барганда «өкмөттүк гезит» дегендин өзүн укканда таң калышат. Себеби, аларда бийлик каржылаган, өкмөттүн ишин чагылдырган басылмалар жок. Деги азыр бизге өкмөттүк гезиттердин зарылдыгы канчалык?

- Азыр Кыргызстанга өкмөттүк гезиттер да керек. Эгемен мамлекет катары бүгүнкү өнүгүү жолунда биздин мамлекет өкмөттүк гезиттерге муктаж. Элге реформалар кандай жүрүп атканын, ийгиликтерди айтып турганга булар таяныч болот. Бирок, «өкмөттүк» десе эле «мактайт» деп түшүнүүгө болбойт. Алар да кемчилик кетирген чиновниктерди катуу сынга алышууда. Анын үстүнө мамлекет каржылап атканы менен, чыгармачылык эркиндик да бергенбиз. Кыргызстанда азыр 70ке чукул маалымат каражаты активдүү иштеп атат. Маалымат айдыңындагы катаал атаандаштыкка өкмөттүк басылмалар да туруштук берип, иштеп келатышат.
XS
SM
MD
LG