Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

ЕККУ «КЫРГЫЗСТАНГА КУРАЛ-ЖАРАК АЛЫНЫП КЕЛИНБЕЙТ» ДЕП БИЛДИРҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек 13-августта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсесинде ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоону колдоо программасына арналган маалымат жыйыны өттү. Жыйында «Кыргызстанга пикеттерди жана митингдерди басыш үчүн курал-жарак алынып келинбейт» деп айтылды.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коопсуздукту азыркы көңүл бура турган негизги фактор катары карайт. Буга байланыштуу уюм региондогу мамлекеттердин күч органдарындагы реформаларга чоң маани берип келет. Анын алкагында ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо үчүн 3 млн. 600 миң евро бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Шаршембидеги маалымат жыйынында ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Айдын Идил уюмдун Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо программасы 7-августтан тартып расмий түрдө ишке киргизилгендигин кабарлады. 7-августта бул программага байланыштуу өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев жана ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун башчысы Айдын Идил кол коюшкан.

ЕККУнун колдоосу менен иштелип чыккан программанын улуттук координатору Шамшыбек Мамыров анын максаттарына мындайча токтолду:

- Бул программа боюнча ички иштер органдарына жалпы эмес, айрым багыттар боюнча жардам көрсөтүү каралган. Программаны ишке ашырууда анын негизги өнөктөштөрү Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы жана Ички иштер министрлигинин академиясы болмокчу. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы начар абалда. Ички иштер министрлигинин тергөө-оперативдүү топторунун профессионалдык деңгээли да төмөн. Программада ички иштер органдарынын айрым бөлүктөрүн атайын байланыш каражаттары, компьтердик технология менен камсыздоо, чыр-чатактардын, баш-аламандыктын алдын алуу боюнча иш-чаралар да каралган. Бул үчүн атайын адистештирилген милиция бөлүктөрү түзүлөт. Алар эл аралык стандарттарга ылайык, массалык баш-аламандыкка каршы күрөш жүргүзүшөт.

Программанын чыр-чатактарды жана баш-аламандыкты болтурбаш үчүн чара көрүү каралган бул бөлүгү башынан эле өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдар менен укук коргоочуларды нааразы кылган. Алардын айтымында, программанын бул бөлүгүндө пикеттерге, митингдерге жол бербеш үчүн курал-жарак алып келүү каралган, демек, бул атуулдардын пикеттерге жана митингдерге чыгуу укугун чектөө болуп эсептелет. Бирок, жыйында ЕККУнун адам ресурстары боюнча директорунун башкы кеңешчиси Барри Майерс «Кыргызстанга от өчүргүч каражаттар гана алынып келинет» деп маалымдап, өлкөнүн ички иштер органдары камсыз кылына от өчүргүч баллондун үлгүсүн көрсөттү.

- Бул - от өчүргүч баллон. Менин өлкөмдө, мен полициянын чоң бөлүгүн башкарып турганда, бизде ар кандай демонстрациялар болгон учурларда полиция ккызматкерлери дайым ушундай от өчүргүч баллондор менен камсыз болушчу эле. Бул полициянын да, демонстрацияларга катышкан атуулдардын да коопсуздугу үчүн керек, - деп айтты Барри Майерс. Ал эми журналисттердин «Курал-жарак да келеби?» деген суроосуна Майерс мырза:

- Кыргызстанга желим ок да, автомат да алып келинбейт, менин сөзүмө ишенгиле, - деп жооп берди.

Ал эми программанын сөз болуп жаткан бөлүгүнө каршы активдүү иш жүргүзүп келген «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова бул маселе боюнча мындай деди:

- Мурунку маалыматтарды да талдап көрсөк, Монк мырза келгенде да, «курал-жарак алынып келинбейт» деп айткан. Бирок, кайра эле «программада ушундай каражаттар келет, анын ичинде курал-жарактар бар» деп айткан. Ал эми азыр «кыргыздардын менталитетине каршы келген курал-жарак алынып келинбейт» деген маалыматты угуп, биз да ыраазы болуп атабыз. Демек, ЕККУ биздин талаптарыбызга көңүл буруп жатат.

Жыйында Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоону колдоо боюнча ЕККУнун программасынын ишке ашырылышы бейөкмөт уюмдар тарабынан да көзөмөлдөнүп тураары маалымдалды. 14-августта ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Айдын Идил жана уюмдун башка өкүлдөрү Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG