Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

ФРАНЦИЯ: ДИНДИ МАМЛЕКЕТТЕН БӨЛҮҮНҮН ТАЖЫЙРБАСЫ


Францияда жекшемби күнү чиркөөгө милдеттүү түрдө барып, сыйынууга обол 1879-жылы тыйуу салынат. Үч жылдан кийин мектептерде диний таалим-тарбия берүү биротоло токтотулат. Бүгүн Франция секулярдык мамлекет. Өлкөдөгү түрдүү диний жамааттар бирдей укукка ээ: дин-ар бир атуулдун жеке иши.

Француз республикасынын Конституциясынын 1-беренесинде “Франция - бөлүнгүс, секулярдык, демократиялык жана социалдык республика” деп көрсөтүлөт.

Аныктаманын өзү дин мамлекеттен бөлүнгөнүн, диний уюмдар казынадан каржыланбасын, саясый партияларды диний негизде түзүүгө болбосун, лекин, диний кызматчылар өлкөнүн башка жарандары менен чогуу Франциянын саясый турмушуна катыша ала турганын, эң маанилүүсү, дин - ар бир инсандын жеке иши экенин тастыктайт.

Бул берене 1946-жылы кабыл алынганын эске салсак, диндин мамлекеттен бөлүнгөнүн конституция аркылуу бекитүү - Францияда монархиялык бийлик талкалангандан кийин дагы 167 жылды талап кылганын көрөбүз.

Наполеон III тактыдан кетирилип, Экинчи империя таркатылаган соң, 1879-жылкы шайлоодо бийликке келген республикачылар адегенде жекшемби күнү чиркөөгө милдеттүү түрдө барып сыйынууга тыйуу салат. 1882-жылы 13 жашка чейинки балдар баштапкы мектепте билим алууга милдеттендирилип, өкмөттүк мектептерде диний таалим-тарбия берүү токтотулат.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн республикачылардын максаты диндин кубатын майтаруу эмес, падышалык бийликтин союздашы болгон католик чиркөөсүнүн таасирин чектөө болчу.

Ошол учурда дин мектепте окутулбаса, анда крестке керилген Иса пайгамбардын сөлөкөтүн мектептерден алып салуу керек эле. Крестти шыр алып салуу айрым жамаат мүчөлөрүнүн толкундоосун жаратышы ыктымал деп кооптонуу күчтүү болчу. Ошондуктан, өкмөт жергиликтүү бийликтерге жаңы заңды күчтөп киргизүүнүн зарылдыгы жок, “мыйзам акырындап отуруп үрп-адат жана мурас болуп калыш керек” деген көрсөтмө берет. Ушундан улам, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да Франциянын кээ бир мамлекеттик мектептеринен крестти көрүүгө болот эле деп ырастайт “Le Monde“ гезити.

Католик дининин Францияда мамлекеттик болбой калуусунун демилгечилери бир тараптан ошол кездеги биринчи консул Наполеон Бонапарт, каршы тараптан Рим-католик чиркөөсүнүн Папасы Лев XIII болду десек ката кетпейбиз. 1801-жылдын 15-июлунда Франция менен Ватикан ортосунда католик чиркөөсү боюнча келишим түзүлөт. Келишимге ылайык, ырасмий Париж католик, апостолдук жана роман диндерин көпчүлүк жарандардын дини деп тааныйт. Бул-католик дини мындан ары Францияда мамлекеттик дин эмес дегенди моюнга алуу болду.

Бирок, мамлекет менен дин эки башка экенин конституция аркылуу мыйзамдаштыруу аракети 1904-жылга чейин созулду. Бул жылы радикал-парламентарийлер Ватикан менен 1801-жылы кол коюлган келишимди мыйзамсыз деп тапканына жооп кылып, Папа Пий X француз президенти Эмил Любэнин Римге ырасмий визит менен келүүсүнө каршы чыгат.

Папанын Франциянын ички ишине кийлигишүүсүнө нааразы болгон француз өкмөтү Ватикан менен дипломаттык мамилесин токтотот да, парламент динди мамлекеттен бөлүү боюнча мыйзамды кабыл алат. Мыйзамда жергиликтүү бийликтерге атуулдардын эркин зиярат кылуусуна өбөлгө түзүүсүнө жол коюлат.

Мындай жобо көптөгөн имараттарды чиркөө катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. 1920-жылдын башында француз өкмөтү мусулмандардын үрп-адатын сактоосуна көмөктөшүп, Парижде мечиттин курулушун каржылайт.

Секуляризмдин жактоочусу Эдуард Герие мечиттин курулушунун зарылдыгын мындайча түшүндүргөн. “Биз 1905-жылкы мыйзамды бузбайбыз. Себеби, 1905-жылы протестанттар менен католиктер үчүн эмне жасалса, аны биз азыр мусулмандар үчүн жасоодобуз”.
XS
SM
MD
LG