Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Нарын АЙЫП, Прага Мындан эки жыл мурда Азербайжан Европа Кеңешине мүчө болуп кирген жана адам укуктарын коргоочу бул эл аралык уюм андан бери Бакы жетекчилигине такай кайрылып, өлкөдөгү саясий туткундарды же бошотууну, же алардын ишин кайра карап чыгууну талап кылууда. Жакында Азербайжанга Европа Кеңешинин эксперттер тобу келип кетти жана үстүбүдөгү жылдын аягына чейин бул маселе уюмдун Страсбург шаарындагы баш кеңсесинде каралууга тийиш.

2001-жылы Азербайжан Европа Кеңешине мүчө болуп кирээр алдында дагы өлкө жетекчилигине саясий туткундарды бошотуу талабы коюлган. Уюмдун эксперттеринин ал кездеги эсеби боюнча, өлкөнүн абактарында отургандардын жети жүз элүүгө жакыны саясий себептерден улам эркинен ажыратылган. Кеңештин атайын комиссиясы кийин билдиргенине ылайык, 2002-жылдын башына караганда өлкөдө эки жүздөн ашык саясий туткун бошотулган жана андан бери дагы Азербайжанга улам жаңы эксперттик топ келип, абалды текшерип кетет жана азыр дагы саясий себептерден абакта отургандарды же бошотуп, же алардын ишин кайра кароону талап кылууда.

Европалык эксперттердин айтымында, Азербайжандын негизги саясий туткундары - мурдагы ички иштер министри Искандер Гамидов, бир кезде Талыш жумуриятын жарыялаган Аликрам Хумбатов, мурдагы коргоо министри Рахим Газиев, өлкөдөгү Интерполдун кеңсесин бир кезде башкарган Илгар Сафиханов жана башкалар.

Алардын көпчүлүгү - 1993-жылы Гейдар Алиевдин президенттикке келишине жардам көрсөткөндөр. Алиев 1960-жылдарда Азербайжандын КГБсын жетектеген, 1969-жылдан 1982-жылга чейин өлкөнүн компартиясынын биринчи катчысы болгон жана Маскөөгө которулуп, беш жыл бою СССР өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген, бирок 1987-жылы Михаил Горбачев аны кызматтан алганда, Азербайжанга кайтып, Нахичеван автономиялык жумуриятын жетектеп калган. Азербайжандын ал кездеги президенти Абулфаз Элчибейге каршы көтөрүлүштү Сурет Гусейнов баштаган жана анын жардамы менен 1993-жылы президенттикке Гейдар Алиев келгенде, Гусейнов өлкөнүн премьер-министри болгон. Бирок бир жыл өтпөй эле, Алиев аны мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат деп күнөөлөгөндө, Гусейнов Орусияга качкан. Бир нече жылдан кийин Маскөө Гусейновду кармап, Азербайжанга өткөрүп берген жана ал азыр абакта.

Өлкөнүн биринчи демократиялык өкмөтүнө каршы күрөшүп, Алиевди бийликке алып келген айрым саясатчылар кийин Гусейнов менен кошо күнөөлөнүп-соттолуп, эркинен ажыратылган. Аталган Гамидов, Газиев жана Сафихановдон тышкары, азыр Гянжа шаарынын бир кездеги милиция башчысы Натиг Эфендиев, Казах районунун атайын милиция күчтөрүнүн башчысы Элчин Амирасланов жана башкалар абакта кармалууда жана алар дагы европалык эксперттердин саясий туткундар тизмесине киргизилген. Хумбатов болсо өлкөнүн түштүк аймактарында жашаган талыштардын жерин 1992-жылы эгемендүү Талыш-Муган жумурияты деп жарыялагандыктан камакка алынган.

Элчибейге чейин Азербайжандын президенти болгон Аяз Муталибов азыр Маскөөдө жашайт жана Бакы аны такай Орусиядан Азербайжанга өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Эгер ал да кармалып, Бакыга жөнөтүлсө, соттолуп-камалаары жана саясий туткундар тизмесине киргизилээри шексиз. 1993-1996-жылдарда Азербайжан парламентинин спикери болгон Расул Гулиев болсо азыр Америка Кошмо Штаттарында жашайт жана аны дагы Бакы Азербайжанга кайтарып берүүнү талап кылууда.

Албетте, бул адамдардын баарына расми түрдө учурунда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана колуна берилген каражаттарды ири өлчөмдө ысыраптаган деген күнөө коюлууда. Мисал үчүн Гулиев - 74 миң долларды өзүнө менчиктеп алган деп күнөөлөнөт. Анткен менен өлкөнүн Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Вагиф Гусейнов дагы азыр Орусияда жашайт, бирок Бакы анын кармалышын талап кылбайт. Экинчи жагынан, кээ бир байкоочулардын айтымында, Азербайжанда коррупция азыр өтө кеңири тарагандыктан, "саясий туткун" деген наамды акчага сатып алса да болот.
XS
SM
MD
LG