Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Нарын АЙЫП, Прага 12-август күнү Америка Кошмо Штаттарында үч адам кармалды, алардын бири Орусияда ракета сатып алып, аны АКШга алып келип сатууга аракеттенген, калган экөө ага жардамдашкан. Кылмышкерлерди аңдып-кармоо иштерин АКШ, Орусия жана Улуу Британиянын чалгындоо кызматтары бир жарым жыл бою биргелешип жүргүзгөн

Колго көтөрүп же ийинге коюп алып, андан асмандагы учакты атып түшүрүүгө мүмкүн болгон "Игла" аттуу ракеталык комплексти кылмышкерлерге Орусиянын коопсуздук кызматынын адистери өздөрү саткан жана ал тууралуу америкалык жана британиялык кесиптештерине алдын ала билдирген. Аны Америкада сатып алууга даяр болгондор да АКШнын Федералдык чалгындоо кызматы (ФБР) менен байланышкан адамдар болуп чыкты. Ракетаны качан даярдап-сатаарды орусиялык адистердин өздөрүнүн тандоого мүмкүнчүлүгү болгондуктан, кээ бир эксперттер бул окуяны 2001-жылы АКШга эбегейсиз террор аракеттеринин жасалганынын 11-сентябрда боло турган эки жылдыгы менен байланыштырууда. Эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү мындай ийгилик жана үч өлкөнүн коопсуздук уюмдарынын натыйжалуу кызматташуусу - азыр бул мамлекеттердин жетекчилери үчүн өтө керектүү пропаганда.

Анткен менен бул - чындап эле болгон окуя. "Игла" ракетасын Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын алдындагы аскерий ишканадан 85 миң долларга сатып алган адам - улуту боюнча индус, бирок Улуу Британиянын жараны, 68 жаштагы Хемант Лахани болуп чыкты. Ал ракетаны медициналык аспап катары АКШга жөнөтүп, 12-августта аны Ньюарк шаарында багаждан алууга аракеттенгенде кармалган. Ага жардамдашкан эки адам Нью-Йорк шаарында кармалды, алар негизинен мыйзамсыз акчаны адалдап, ракета сатып алуу операциясын каржылаган, анткени Лахани дагы 50 ракета сатып алууга ниеттенген. Кармалгандар - Индия жараны, бирок Малайзияда жашаган 38 жаштагы Мойнуддин Ахмед Хамид жана Нью-Йорк тургуну, 76 жаштагы Йехуда Абрахам болуп чыкты. Абрахам 10 миллион доллардык күрө коюп камактан бошотулду, Лахани менен Хамид болсо азыр абакта.

ФБР менен кызматташкан адам өзүн сомалилик террорчу катары көрсөтүп, 2001-жылдын декабрында Лоханиге кайрылып, ракета таап берүүнү суранган. 2002-жылдын апрелинде алар соода тууралуу макулдашкан жана Лохани сатып алуучуга 200 ракета сунуштаган. Ошол эле жылдын сентябрында эки адам Нью-Жерси штатында жолуккан, декабрда болсо Лохани өз кардарына ал таба турган ракета өтө сапаттуу жана күчтүү болоорун билдирген. Анын айтымында, ноябрда Африканын Кения мамлекетинде израилдик учакка жасалган ракеталык чабуулдун оңунан чыкпай калганы - начар сапаттагы ракета колдонулгандыктан болгон.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Лахани Маскөөгө келип, өздөрүн коррупцияланган офицерлер кылып көрсөткөн коопсуздук кызматынын адистеринен бир ракета алган, бирок сатаардын алдында орустар аны керектен чыгарып койгон. 15-июлда Лахани алар менен акыркы жолу кездешкенде, 30-августка чейин дагы 50 ракета менен бир тонна жарылуучу зат сатып алуу тууралуу макулдашкан жана орустарга 500 миң доллардык аванс төлөгөн.

"Игла" ракетасы беш чакырымга чейин жетет жана асманда үч жарым миң метр бийиктикте учуп бараткан учакты атып түшүрө алат. Ал бутанын жылуулугун пайдаланып мээленет жана андан буйтап кутулуу кыйын. Бирок Израил азыр андай ракеталардан сактануу чараларын көрүп, өзүнүн аскерий эмес учактарына да атайын аспаптарды орното баштады. АКШ жетекчилиги андайга өтө элек, бирок ракета саткан кылмышкерлердин кармалышы тууралуу президент Жорж Буш 13-августта сыймыктануу менен билдирди: "Мекенибизди коргоо үчүн биз бардык чараларды көрүп жатабыз жана бул кылмышкердин кармалышы - Америка элин коргоо максатында биз жасаган иштин жакшы мисалы".

Кармалган үч кылмышкерге каршы сот иши 20-августта башталат.
XS
SM
MD
LG