Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

ОРДУНАН КӨЧӨ ТУРГАН ЛЕНИН, АКЧАГА СУУСАГАН МАДАНИЯТ, КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ЧОҢ МАЙРАМЫ


Кыргыз маданиятынын аянычтуу абалы, ага баштагыдай көңүл бурулбай калганы кийинки жылдары көп айтылып келет. Быйылкы жыл өлкөдө мамлекеттүүлүккө байланышкан шаң-салтанаттарга бай. Кыргыз мамлекетинин башаты кайдан чыкканы, тигил же бул тарыхый инсан тууралуу иликтөө, божомол, жоромол, санжыра, эссе, аңгеме-дүкөндөр арбын жарыяланууда. Мамлекеттүүлүк жылында Бишкектин «Алатоо» аянтында 1984-жылдан бери турган В. И. Лениндин эстелиги башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн экендиги айтыла баштады.

Пролетариаттын жол башчысы В. И. Лениндин Бишкектин чок ортосундагы эстелиги башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн экендигин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Гезиттин жазганына ынансак, Лениндин айкели эски аянтка – Жогорку Кеңештин маңдайына көчүрүлмөк болуптур. Парламенттин депутаттары Лениндин эстелиги тарыхый кенч экенин ырастап, 2000-жылдын майында атайын мыйзам кабылдаган. Жыйырма жыл байырлаган ордунан жылдырылган эстеликтин ордуна жаңы айкел - Эркиндиктин эстелиги турмакчы. Социализм тушунда эски аянттын чыгышындагы Сталиндин эстелигинин ордунда пролетар ойчулдары К.Маркс менен Ф.Энгельстин кызуу аңгемелешип отурган эстелиги коюлган.

«Базар мамилесинин айынан маданият мамлекеттин назарынан сырт калды. Баарын базар тескеп, баасын коюуда, ал жердеги абалды айтпай эле койгон оң», деп жазышат Б.Марипов менен Ж.Байгуттиев бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде. Маданият темасы кинорежиссер Замир Эралиев менен Б.Мариповдун маегинде да козголгон. Режиссердун айтымында, Кыргызстанда таланттуу жаштарга чыгармачыл шарт түзүлгөн эмес. Кино тартууга жетиштүү каражат бөлүнбөйт. «Кыска документалдуу фильмди тартууга болгону 500 доллар бөлүнөт. Бул өтө эле аз», деп эсептейт Замир Эралиев. Жумуш издеп чет өлкөгө кетип аткан кыргызстандыктардын саны азайбастан, көбөйүп жатканы Асел Шерботонун «Парижди көрүп эле кайтуу же мамлекетке ишенүүгө болобу?» деген макаласында баяндалган. Четке кетип аткандардын 78% иш табыш амалында, 9% эмиграцияга, 5% турмуш курууга бараткандар. Алардын арасынан киши сатыктын тузагына илинип, азап тартып жүргөндөрү деле жолугат. Мамлекет өз жарандарын дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да коргоп алчу деңгээлге жете элек.

- «Аалам» гезитинин жума күнкү санында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган материалдар жарыяланмакчы, - дейт басылманын жооптуу редактору Кенжебек Арыкбаев. - Белгилүү жазуучу Орозобек Айтымбеттин «Гиркания – кыргыз жери» деген маеги, «Кыргыз тамыры жана «Манас»», «Салам сага, Махмуд Кашгари» деген материалдар жарыяланууда. Кыргызстанда 46 саясий партия бар экен. Алардын даремети канчалык? Бул тууралуу пикирге да гезиттен орун берилмекчи. 23-августта Аксыда өтчү Үчүнчү элдик курултай тууралуу маалымат, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун жыйынга Аскар Акаев менен Николай Танаевге жөнөткөн чакыруусунун тексти жарыяланууда. 1916-жылкы Үркүндө набыт кеткендердин эмгегин эскерүүгө арналган макала гезиттин жаңы санында жарык көрмөкчү.

- «Кыргыз руху» гезитинде Нурлан Мотуевдин «Кыргыз саясатындагы ит жыгылыш», Калил Жамгырчиевдин «Замира Сыдыкова кайтып келди», «Аяш ата аманбы же губернатор Анапияев элге эркелейби?» деген макалалар жарыяланууда, -
дейт басылманын башкы редакторунун орун басары Маматемин Рыскулов.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында Жолдошбек Зарлыкбековдун президенттердин жарышын талдаган макаласы басууга даярдалууда. Азери президенти ордун уулуна калтырып кетүүдө. Бийликти колдон чыгарбоо аракети Борбор Азия президенттеринде да күчтүү. Бийлик менен оппозициянын мамиле-катышы Өмүрбек Текебаевдин гезитте жарыяланган маегинде козголот. Жаңы окуу жылына даярдык, мектеп окуучусунун кийим-кечесине, китеп-дептерине канча акча кетээри журналист Аскер Сакыбаеванын макаласында чагылдырылган.
XS
SM
MD
LG