Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Бүбүкан Досалиева, Прага 12-августта Өзбекстандагы көз карандысыз журналист Руслан Шарипов беш жарым жылдык түрмөгө кесилди. Жогорку сот өкүм чыгараары менен “Хюман райтс уотч” эл аралык укук коргоо уюму дароо билдирүү таратып, атайын катты өлкө президенти Ислам Каримовго жолдоду. Анда Шарипов Интернет баракчасына жарыялаган көз карандысыз макалалары үчүн гана саясий негизде абакка салынды деген сын камтылган.

Баш кеңсеси АКШнын Нью–Йорк шаарында жайгашкан “Хюман райтс уотч” эл аралык уюму 12-августта тараткан билдирүүсүндө Өзбекстандын өкмөтүн Руслан Шариповду камактан дароо бошотуп, саясий негизде ачылган кылмыш ишин тез токтотууга чакырды. Андан тышкары Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексининин 120-беренеси боюнча “Шарипов бачабаздык кылган”деп коюлган айып дароо алынып, калган беренелер боюнча коюлган айыптар калыс жана так тергелүүсүн талап кылды. Ошондой эле укук коргоо уюму бул окуяны Өзбекстандагы сөз эркиндигине кысым жасоо, сексуалдык көз карашы боюнча басмырлап, куугунтуктоо көрүнүшү деп айыптаарын жарыя кылды.

25 жаштагы журналист Руслан Шарипов ушул жылдын 26–майында Ташкентте камакка алынган жана ага Кылмыш жаза кодексининин 120-беренеси боюнча “бачабаздык кылган”, 127-беренеси боюнча “жашы жете элек өспүрүмдөрдү коомго жат аракеттерге тарткан” жана 128-беренеси боюнча “жашы 16га толо элек өспүрүмдөр менен жыныстык катнашка барган” деген айыптар коюлган. Кылмыш ишин сотто кароо 23-июлда жабык эшик артында башталып, 8-августта өкүм чыгарылган. Сотто Шарипов коюлган айыптардын бардыгын мойнуна алгандан кийин ага беш жарым жылдык түрмө жазасы берилсин деген өкүм чыгарылган.

Бирок, сот өкүмү чыгаары менен “Хьюман райтс уотч” эл аралык уюму баштаган укук коргоочулар Шарипов өзүнө коюлган айыптарды коркутуп-үркүтүүлөрдүн негизинде гана мойнуна алууга мажбур болду деген бүтүмгө келишкен. Таң калычтуу жагдай: камакка алынгандан бери өзүнө коюлган доолорду четке кагып келген Шарипов 8-августта эле адвокатынын жактоосунан баш тартып, коюлган күнөөнүн баарын мойнуна алаарын билдирген жана байкоочу катары сотко катышып жаткан жападан жалгыз энесин да сот залына киргизбөөнү өтүнгөн. Андан тышкары ал президент Ислам Каримов менен ички иштер министрлигинен жана жергиликтүү милиция кызматкерлеринен кечирим сураарын жана интернет баракчага жарыялаган сын макалаларынын баарынан баш тартаарын билдирген. Өкүм чыккандан кийин адвокаты Икрамов Шарипов менен жолугуштурууну соттон өтүнүп жатып кезиккенде ал мындай чечимге өзүнүн жана энесинин коопсуздугунан корккондугунан улам баргандыгын билдирген. Укук коргоочулар ал мындай чечимге кыйноодон кийин гана макул болгон деген бүтүмгө келишкен. Ал тууралуу “Хьюман райтс уотч” уюмунун Ташкенддеги өкүлү Матилда Богнер мындай дейт:

- Ал камакка алынгандан кийин милиционерлер уруп жаткандыгын, башына противогаз кийгизебиз деп коркутушкандыгын айткан эле жана коюлган айыптардын баарын четке кагып жаткан.

Ал эми Шариповдун адвокаты Сураб Икрамовдун айтымында, Руслан Шариповго коюлган айыптарды жергиликтүү милиция кызматкерлери андан өч алуу жана укук коргоо тармагындагы чечкиндүү ишмердигин токтотуу үчүн гана ойдон чыгарышты. Себеби, Руслан Шарипов 2001-2003-жылдары Орусиянын “Прима” аттуу фирмасы менен кызматташып, Өзбекстандагы адам укугун бузуулар жана ички иштер министрлигинин атуулдардын укугун басмырлаган аракеттери тууралуу Интернет баракчага макалаларды жарыялаган. Айыптары ачылган милиционерлер тиш кайрап жүрүп камакка алышканда Шариповдун эми эч кайда кача албасын дароо эскертишкен. Ал тууралуу адвокат Сураб Икрамов мындай дейт:

Ал башынан эле укук коргоочу болгону үчүн жазаланууда. Руслан Шарипов Интернеттеги макалаларында милицияны сындаган. Милиционерлер аны камакка алганда эле “мына колго түштүң, музоонун жүгүрүгү саманканага чейин эле, эми качып кайда барарыңды көрөбүз” деп кекенишкен.

Анын айтымында, сот негизсиз өкүм чыгарды, себеби сотто жана ага чейинки экспертиза учурунда Шариповдун кылган күнөөлөрү далилденген эмес. Ал тууралуу Икрамов:

- Өзбекстандын Кылмыш жаза кодесинин 120, 127, 128-беренелери боюнча коюлган айыптар далилденген эмес. Экспертиза өткөрүлгөн бирок, анда эч бир айып далилденген эмес. Далилденбегенден кийин сот кандай негизде өкүм чыгарышы мүмкүн- деп кыжалаттанат.

Ушундан улам “Хюман райтс уотч” эл аралык укук коргоо уюму соттун өкүмүн адилетсиз деп баалады. Ал тууралуу уюмдун Ташкенттеги өкүлү Матилда Богнер:

- Мен бул ишти саясий иш деп баалайм. Сот дагы ишти адилет териштирген жок. Биз аны көз карандысыз сот деп эсептей албайбыз, - деп билдирди.

Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексиндеги бачабаздык жөнүндөгү беренеге ылайык мындай айып коюлган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай жаза мурдагы СССРдин Кылмыш жаза кодексине сталиндик доордо киргизилген. СССР кулагандан кийин ал берене көп мамлекеттердин кылмыш кодекстеринен алынып, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандыкында гана мурас катары сакталып калган. Ал эми эл аралык укук нормалары боюнча мындай аракет үчүн жазага тартуу мындай турсун, бирөөнүн гомосексуалдык көз карашы тууралуу айың сөз кылууга эч кимдин укугу жок.
XS
SM
MD
LG