Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16
БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын прокурордук-иликтөө кызмат бөлүмүнүн жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Мамлекеттик юридикалык академия түзүлмөк болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Аскар Акаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы бүгүн кабарлады. Академиянын максаты - юристтердин адистик деңгээлин жогорулатуу, Кыргызстандын нормативдик актыларын жана укуктук саясатын эксперттик-аналитикалык жактан камсыз кылуу, өлкөдөгү мыйзам чыгаруу жараянынын натыйжалуулугун талдоо. Жаңы технологиялар менен жабдылуучу академиянын уюштуруу иштерин жана каржылык маселелерин чечиш үчүн өкмөткө эки айлык мөөнөт берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG