Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32
БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев баштаган делегация иш сапары менен Өзбекстанга барат. Өкмөттүн маалымат кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, Н. Танаев жана делегациянын башка мүчөлөрү Өзбекстандын премьер-министри жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Тараптар ириде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны демилитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссия жүргүзүп жаткан иштерди талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанды өзбек газы менен камсыз кылуу маселесинин да каралышы күтүлөт. Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, өкмөт аппаратынын регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жана башкалар бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG