Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Кыргызстанда жумушсуз жаштар көбөйүүдө


БИШКЕК. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда атайын каттоодон өткөн, 19 жаштан 29 жашка чейинки 20 миңге жакын жумушсуз катталды. Бул тууралуу маалымат Жаштардын республикалык эмгек биржасынан алынды. Учурда Жалалабад, Ош облустарында 22ден 29га чейинки жаштагы жумушсуздардын саны өсүүдө. Жалпысынан жумушсуз жаштардын 47% ашууну айылда жашайт. Эмгек биржасына катталган ар бир алтынчы адам - жогорку же атайын билими бар адис. Улуттук статистикалык маалымат боюнча жылына орто мектепти 175 миң кыз-улан бүтүрөт. Бирок, алардын көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG