Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилерин мамлекет колдой турган болду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Кыргыз ССРинин айрым категориядагы партиялык жетекчилеринин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам 26-июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп кеминде 5 жыл иштеген атуулдар жана алардын үй-бүлөлөрү мамлекет тарабынан камкордукка алынат. Алардын пенсиясына акыркы мезгилде алган бир айлык маянасынын 75% кошулат. Партиялык жетекчилер өмүрүнүн акырына чейин автоунаа, турак-жай, дача, медициналык камкордук менен камсыз болушат. Мындан тышкары, алар мамлекет башчысына, өкмөт жетекчилерине жана мамлекеттик бийлик органдарына эч тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мыйзамда көргөзүлгөн каражаттар мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Бул мыйзамда каралган эрежелер Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи катчылары Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевге тиешелүү.

XS
SM
MD
LG