Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Өкмөт жыйынында бюджеттик мекемелердин кышка даярдыгы талкууланды


БИШКЕК. Кыргызстандагы мектептердин 85% оңдотулуп, жаңы окуу жылына карата даярдалды. Бул тууралуу облустардын губернаторлору жана шаарлардын жетекчилери кечээки өкмөт жыйынында телефон аркылуу премьер-министр Николай Танаевге маалымдашты. Алардын айтымында, кыргыз, орус тилдери, физика, математика боюнча окуу китептери жана парталар, отургучтар менен айрым мектептер толук камсыз боло элек. Жыйында айтылгандай, азыр мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйлүү маселелердин бири болуп келатат. Чүй облусунда эле 1026 мугалим жетишпейт. Көпчүлүк бюджеттик мекемелер кышка толук даяр эмес. Ушу тапта алар көмүр, отун менен Чүй облусунда 32%, Ош облусунда 4% камсыз кылынган. Премьер-министр 15-сентябрга чейин бюджеттик мекемелердин кышка даярдыгын толук камсыз кылып, келерки жылдагы өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүнү губернаторлорго тапшырды.

XS
SM
MD
LG