Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстандын айрым бейөкмөт уюмдары ЕККУнун программасынын бир бөлүгүнө дале каршы болуп жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун имаратында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идил, ЕККУнун адам ресурстары боюнча директорунун улук кеңешчиси Барри Майерс, «Интербилим», «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдарынын, Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюронун, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин ж. б. өкүлдөрү катышты. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын ички иштер реформасын колдоо боюнча ЕККУнун программасынан чыр-чатактарга жол бербеш үчүн иш-чаралар каралган бөлүктү алып салууну талап кылышты. Бирок ЕККУнун өкүлдөрү менен Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары бул пограмманын талаштуу бөлүгү боюнча компромисске келе алышкан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG