Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ БИШКЕКТИН БОРБОРУНДАГЫ В. И. ЛЕНИНДИН АЙКЕЛИН БАШКА ЖАККА КОТОРУУ ТУУРАЛУУ ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ


Бакыт Аманбаев , Бишкек 11-августта кыргыз өкмөтү Улуу Октябрь революциясынын жетекчиси В. И. Лениндин Бишкектин Алатоо аянтындагы айкелин башка жакка которуу тууралуу токтом кабыл алды. Өкмөттүн мындай токтомуна өлкөдөгү коммунисттер нааразы болуп, ал тургай шаршемби күндөн баштап кезектешип В. И. Лениндин айкелин кайтарышууда. Ошол эле учурда өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өкмөттүн мындай кадамдарын колдоого алышууда.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө максатында кыргыз өкмөтү 11-августта «Алатоо аянтын кайра куруу жөнүндө» деп аталган, сегиз беренеден турган токтом кабыл алды. Ага ылайык Алатоо аянтындагы В. И. Лениндин айкели Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтчага которулат. Ал эми Лениндин айкелинин ордуна «Эркиндик» эстелигин орнотуу белгиленген. Өкмөттүн мындай токтому Кыргызстандагы коммунисттерди нааразы кылды. «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев баш болгон партия өкүлдөрү шаршемби күнү өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, өкмөттүн мындай кадамы өлкөдөгү 30 миңдей коммунисттерди катуу нааразы кылаарын эскертишкен. Абсамат Масалиевдин айтымында, 2000-жылдын 22-майында Мыйзам чыгаруу жыйыны «Бишкек шаарындагы Алатоо аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги жөнүндө» деп аталган мыйзам кабыл алып, ага мамлекет башчысы Аскар Акаев 2000-жылдын 13-июнунда кол койгон. Мыйзамда башкалаанын чок ортосуна орнотулган Лениндин айкели архитектуралык-тарыхый эстелик экендиги жана ал мамлекеттин коргоосунда тураары белгиленген. А. Масалиевдин пикиринде, В. И. Лениндин айкелин башка жакка которуш үчүн адегенде мына ошол мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек.

- Эгер мыйзамды өзгөртөлү десек, өкмөт Мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылуу жолдошу керек. Эгер депутаттар макулдук берсек гана мыйзам өзгөртүлөт. Өкмөт мындай аракеттерге барбай, мыйзамды бузуп атат, - деди А. Масалиев.

Ал эми Клара Ажыбекова жетектеген «Коммунисттер» партиясынын мүчөлөрү өкмөттүн мындай токтомун уккандан баштап, Лениндин эстелигин кезектешип кайтарууга алышты. Алар эстеликти которбоого көмөк көрсөтүүнү суранышып, Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы коммунистерге жана президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Клара Ажыбекова мындай токтомду кабыл алган өкмөт башчысы Н. Танаевди Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бере тургандыгын бейшемби күнү маалымдады.

- Мен бүгүн Николай Танаевди Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузгандыгы үчүн сотко берем, - деди Клара Ажыбекова.

Лениндин айкелин башка жакка которуу боюнча өкмөттүн аракетине өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү башкача пикирлерин билдиришүүдө. Бейшемби күнү Кыргызстандагы «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы президент Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Таневге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда коалиция Лениндин эстелигин Алатоо аянтынан эле эмес, өлкөнүн бардык райондорунун, шаарларынын борборлорунан башка жакка которууну сунуш кылды. Бул тууралуу коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:

- Демократиялык коомду куруп жаткан соң, Лениндин айкелине Алатоо аянтында орун жок. Биз өкмөттүн токтомун колдойбуз. Биздин оюбузча, Лениндин айкелин Алатоо аянтынан эле эмес, өлкөдөгү бардык райондордун, облустардын борборлорунан башка жакка которуш керек.

Мындай пикирди «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев да колдойт. Анын айтымында, Кыргызстандын ордо калаасынын борборуна өлкөнүн тарыхындагы белгилүү инсандардын айкелин орнотуш керек.

- Кыргызстандын ордо калаасынын борборуна Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандардын биринин айкелин коюш керек. Мен Лениндин айкелин Алатоо аянтынан алып, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына орнотууга да каршымын. Лениндин эстелигин Тарых музейине коюш керек, - деди Топчубек Тургуналиев.

Мындай пикирлерге азырынча кыргыз өкмөтү жооп кайтара элек. Ал эми бул маселе тууралуу бийлик өкүлдөрүнүн пикирин билүү аракетибизден майнап чыккан жок.
XS
SM
MD
LG