Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Европада ысык аба ырайы


ПАРИЖ. Францияда ысыктан акыркы 2 жуманын ичинде үч миң киши каза болду. Бул жөнүндө өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бул убакыттын ичинде Франциянын көптөгөн региондорунда абанын температурасы 35 градустан жогору болуп, айрым убактарда 40кка жетип турду. Парижде болсо күндүн ысыгы 37 градустан төмөндөгөн жок. Статистикалык маалыматтар боюнча, өлгөндөрдүн саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 37 процентке көп болду. Өлүкканалар кишилердин сөөктөрүн батыра албай калышты. Тажия өткөрүү кызматтары сөөктөрдү койууга өп-чап жетишүүдө.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG