Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Мунай кемеси кыйроого учурады


КАРАЧИ. Пакистандын Карачи портунан алыс эмес жерде мунай ташыган кеме кыйрап калды. Кемеден канча мунай төгүлгөнү али белгисиз. Пакистандын федералдык коммуникация министрлигинин өкүлү Ифтика Рашид кеменин сыныктарын коопсуздандыруу үчүн чара көрүлүп жатканын билдирди. Июл айынын аягында Грециянын мунай танкери Карачи портунан алыс эмес жерде кургактыкка такалып калып, кемеден мунай чыга баштаган болчу. Танкерде 40 миң тонна мунай бар экендиги кабарланат. Карачинин айланасындагы суу булгангандыгы маалымдалат жана экологдор кырсыктан Пакистандын балык уулоо тармагы ири чыгаша тарта турганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG