Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Жихад Исламдык тобу Израилден өч алууга кесенди


ХЕБРОН. Палестиндердин Жихад Исламдык тобу Израилден өч алууга кесенди. Жихад тобунун саясий башчысы Мухамет ал Хинди топтун мүчөсү Мухамед Садирди өлтүргөндүгү үчүн Израилдик аскерлерден өч ала турганын жарыялады. Садир кечее Хеброндогу үйүндө Израилдик аскерлер менен ок атышууда курман болгон. Израилдик бийликтер Садир израилдиктерге каршы террордук чабуул жасаганга даярданып жүргөнүн айтышат. Анын аралыгында, Палестин жетекчилиги израилдик аскерлердин аракеттери эки тараптын ортосундагы өз ара ишенимди кетирип, "жол көрсөткүч карта" деп аталган тынчтык пландын аткарылышына кедерги болуп жатканын билдиришти. Өткөн эки жуманын ичинде Израилде жан кечтилер эки бомба жардырып, эки жөөттү өлтүрүп салышты. Ал эми Израилдик аскерлер террорчулардын үйлөрүн түрттүрүп ташташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG