Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35
КАБУЛ. Өлкөдөгү коопсуздук проблемаларын жөнгө салуу үчүн Ооганстан тышкы жардамга муктаж. Бул жөнүндө Ооганстандын ички иштер министри Ахмад Жалали билдирди. Бир эле күндүн ичинде өлкөдө ар түрдүү кол салуулар менен касташкан тараптардын ич ара кагылыштарынан 65 киши курман болду. Өлгөндөрдүн ичинде эл аралык Кызыл Чырым уюмунун эки кызматкери, аялдар жана балдар бар. Хелманд провинциясында автобуста болгон жардыруудан 15 киши набыт кетти. Министр бул кандуу окуяны кескин сындап, терррорчулар эми тынч жаткан карапайым элди бутага ала башташканын билдирди. Улуттар Уюмунун Ооганстанда иштеп жаткан качкындар агенттиги уюмдун жергиликтүү кеңсесинин жанында ракета жардырылганына байланыштуу өз ишин убактылуу токтотту. Агенттик ошондой эле Кунар провинциясындагы ишин токтотконго мажбур болгондугу маалымдалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG