Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:41

ГЕНЕРАЛ КУРМАНБЕК КУБАТБЕКОВ: «БЫЙЫЛ ООГАНСТАНДА БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ КӨП ТҮШҮМ – 4000 ТОННАДАЙ АПИЙИМ ЖЫЙНАЛДЫ»


Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына караганда, баңгилердин саны боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. Кыргызстандагы ВИЧ-инфекцияга чалдыккан оорулуулардын 80-90% - баңгизаттарды пайдалануучулар. Алар бул илдетти ийне аркылуу жугузуп алышкан. Ошол эле учурда күч органдары Ооганстанда өндүрүлүп, өлкөнүн аймагы аркылуу ташылып өтүүчү баңгизаттардын эң эле аз бөлүгүн кармашат.

- Курманбек мырза, «күч органдары Кыргызстан аркылуу ташылып өткөн баңгизаттардын аз гана бөлүгүн кармайт» деген маалымат бар. Дегеле, баңгизаттарга каршы күрөштүн жагдайына ыраазысызбы?

- Кыргызстанда баңгизаттарга байланыштуу абал оор. Апийим өстүрүлбөгөнү менен, биздин өлкө аркылуу чоң өлчөмдөгү баңгизаттар өтөт. Алардын бир азын кармап атабыз, көбү болсо өтүп кетип жатат. Баңгизаттар Батыш Европага эле эмес, бизге да залакасын тийгизип жатат. Алсак, баңгилердин саны 1993-жылга караганда 6 эсе өстү. Ырасмий каттоодо 6000ге жакын баңги турат. Бирок көз карандысыз эксперттер, эл аралык уюмдар Кыргызстанда баңгилердин саны мындан он эсе көп деген пикирлерин айтып келатышат. Баңгилик өлкөдөгү кылмыштуулуктун өсүшүнө да түрткү болууда. Кыргызстанда азыр жасалып жаткан ар бир тогузунчу кылмыш баңгизаттарга жана баңгиликке байланыштуу. Ошондой эле, баңгизаттардан түшкөн каражаттар «тазаланып», акыры барып эл аралык террорчулардын пайдасына иштеп жатат. Мындан тышкары, чоң өлчөмдөгү баңгизаттардын Кыргызстан аркылуу өтүшүнө айрым мамлекеттик кызматкерлер көмөктөшүүдө. Бул – коррупция. Башкача айтканда, баңгизат сатуу коррупциянын өсүшүнө да таасирин тийгизип жатат. Кыскасы, өлкөдө баңгизаттар боюнча абал оор.

- Сиз жетектеген Баңгизаттарга көзөмөл боюнча агенттик мурда комиссия эле. Президенттин буйругу менен агенттик болуп кайра түзүлүшү иштин оңолушуна түрткү болот деп ойлойсузбу? Комиссиядан айырмаланып, агенттик кандай милдет аткарат?

- Президент Аскар Акаев Бириккен Улуттар Уюмуна Кыргызстанда да Тажикстандагыдай баңгизаттарга каршы күрөшө турган агенттик түзүү тууралуу кат менен кайрылган. Бириккен Улуттар Уюму мамлекет башчыбыздын бул сунушун колдоого алды. Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү болсо агенттиктин 3 жылдык чыгымын мойнуна алып, 6,3 млн. доллар бөлүүгө ниетин билдирди. Агенттиктин биринчи милдети – баңгизаттарга каршы күрөш багытындагы мамлекеттик саясатты жана стратегияны аныктоо. Экинчиден, ал баңгизаттарга каршы күрөштөгү бардык мамлекеттик органдардын – Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын иштерин жетектей турган борбордун милдетин аткарат. Үчүнчүдөн, мурдагы комиссия күч колдонуу, тергөө, кылмышкерлерди кармоо укуктарына ээ эмес болчу. Комиссиядан айырмаланып, агенттиктин өзүнүн ыкчам тобу, тергөөчүлөрү болот жана баңгизат менен кармалгандардын ишин сотко өз алдынча ашыруу укугуна ээ. Эң негизги милдет – баңгизаттарга байланыштуу уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп эсептелет. Учурда биз агенттиктин кызматкерлерин тандоо жолу менен калыс алып жатабыз. Ага биздин донорлордун өкүлдөрү да катышууда.

- АКШ баштаган Эл аралык антитеррордук коалициянын Ооганстандагы аскердик жүрүштөрүнүн бир максаты – бул өлкөдөгү апийимдин санын азайтып, кылмыштуулуктун тамырын кыркуу эле. Тилекке каршы, Хамид Карзай жетекчилик кылган жаңы өкмөттүн иштеп жатканына карабай, Ооган жеринен ташылып келип жаткан баңгизаттардын көлөмү азайган жок. Абал жакын арада оңолушу мүмкүнбү же ушул бойдон эле калабы?

- Кыргызда «Ойлогон ойду кыстаган турмуш кесет» деген жакшы сөз бар. Жаңы өкмөт, жаңы бийлик кылмыштуулукту тыя албай жатканынын объективдүү себептери бар. Мына 23 жыл согушуп, 23 жылдан бери апийим айдап келаткан элди бир-эки жылда эле ошол көнүмүш, кирешелүү ишинен баш тарттыруу кыйын экен да. Апийим эккендердин үй-бүлөсү бар, анан аларга апийимден башка пайда бере турган кирешенин жаңы булагын таап бериш керек да. Апийимди сатса ал буудайдан 10 эсе көп пайда берет экен. Бул бир. Экинчиден, апийим чырмоок сыяктуу өзү эле чыга берет экен. Ага баш оорутуп, бел жоорутуп, көп эмгек кылып, тер төгүүнүн да кажети жок экен да. Айта кетейин, быйыл Ооганстанда рекорддук түшүм – 4000 тонна апийим жыйналууда. 4000 тонна апийимден 400 тонна героин алынат. Бул өтө көп. Ал аз келгенсип, Ооганстанда «бир жылда эки ирет түшүм алабыз» деп, аны ойлонуп жаткандар да бар.

- Курманбек мырза, былтыр Кыргызстандын күч органдары 2,9 тонна апийим кармаптыр. Анын 271 килограммы герион экен. Бул өткөн жылдарга караганда көп.

- Өткөн жылы 2001-жылга салыштырганда 58% көп героин кармалган. Жакында Москванын жанынан 420 кг. герион менен колго түшкөндөр болду. Алардын минген машинесинин номуру Кыргызстанга таандык экен. Бул – биз үчүн коркунучтуу, ойлоно турган факт. Себеби, мындай чоң көлөмдөгү герион дегеле тарыхыбызда кармала элек болчу. Бул окуя биздин республика аркылуу чоң өлчөмдөгү баңгизаттар өтүп жатканын айтып турат. Мен жакында АКШдан жана БУУдан келген эксперттер менен жолуктум. Алар менен баңгизаттарга каршы күрөшүп жаткан Кыргызстандын күч органдарын техника, компьютер сыяктуу заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча сүйлөштүм. Себеби, азыркы абал менен эл аралык кылмыштуу топторго каршы күрөшүү кыйын болуп жатат. Эксперттердин талдоосу боюнча, Ооганстандагы фермерлердин бир жылдагы кирешеси 2 млрд. доллар болот. Ал эми Европага жеткенде 2 млрд. долларлык баңгизаттар 20 млрд. долларлык киреше берет экен. Ошол себептен аларда эң акыркы үлгүдөгү техникалар бар. Кылмышка каршы күрөштөгү абалдын оорлошуна айрым мамлекеттик кызматкерлердин баалуу маалыматтарды сатууга аралашканы да таасир тийгизүүдө. Биз аларга каршы да күрөшөбүз.

- Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөштөгү сиздер таянып иш алып барган мыйзамдарда кемчиликтер барбы?

- Айрым учурларда мыйзам чындап эле турмуштан артта калган жагдайлар бар. Мисалы, Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгүндө «баңгизаттарды сактаган адам мыйзам алдында жооп берет» деп жазылган. Турмушта мындай болуп жатпайбы: ар бир баңги баңгизатын сактайт да. Анан аны кармап, жоопко тартып жатабыз. Өзү баңги болсо, анан ал түрмөгө барганда биротоло адам сыягынан чыгып калып жатпайбы. Ошондуктан, алгачкы жолу аз доза менен кармалгандарды административдик жоопко тартуу менен чектелиш керек. Эгер ошол эле адам бир жыл аралыгында баңгизат менен кармалса, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылсын. Мыйзамга ушуга тийиштүү өзгөртүү киргизүү зарыл. Экинчи бир маселе - баңгизат саткандарды катуу жоопкерчиликке тартуу зарыл. Үчүнчү бир чоң сунуш – баңгизат ташыган чабагандар, эгер ал кылмыштан да чоң иштердин бетин ачууга жардамдашса, «киттерди» кармоого көмөктөшсө, анда Кылмыш-жаза кодексине андай адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу боюнча өзгөртүү кириши зарыл.

- Азыр Кыргызстандын базарында баңгизаттардын баасы кандай, мурункудан кымбаттадыбы же арзандадыбы? Баанын өзгөрүшү эмнеге байланыштуу?

- Героин эки жылдан бери арзандап калган, быйыл анын бир килограммынын баасы 8000 доллардан 10000 долларга чейин көтөрүлдү. Ал эми апийим Ооганстандан аз келип жатат, ошондуктан, анын баасы бир калыпта кармалып турат. Баанын өзгөрүшү кадимки эле базардагыдай: товар аз болсо кымбат турат, көп болсо – арзан.
XS
SM
MD
LG