Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

15-августта Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган делегация Өзбекстанга иш сапары менен барууга камынып жатат. Бул иш сапарынын учурунда премьер-министр өзбекстандык кесиптеши менен эки өкмөт ортосундагы талылуу маселелерди талкууламакчы.

: Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендүүлүк жылдарында жүздөн ашык ар кыл келишимдерге, макулдашууларга кол коюшкан. Алардын эң маанилүүсү катары 1996-жылы кол коюлган «Түбөлүк достук келишими» саналат. Бирок иш жүзүндө коңшулаш эки өлкөнүн мамилесин ортодогу талаш маселелер салкындатып келатат. Айрыкча Баткен окуясына аралаш «эл аралык терроризмден коргонуучу чара» деген шылтоо менен Өзбекстандын чек арага миналарды жайгаштырышы өз ара мамилеге көлөкө түшүргөндөй болду. Ошол миналардан кыргызстандык эки адам набыт болуп, жергиликтүү эл көп сандаган малынан ажырады. Акыркы жолку кер-мур айтышууга чек арада кыргызстандык жаранды өзбекстандык чек арачынын атып салышы себеп болду. Бир айдан бери тараптар бул маселе боюнча кепке келише элек. Кыргыз тараптын жооптуу кызматкерлери адамды атып өлтүрүү эч кандай себептер менен акталбай турганын белгилеп, көз карандысыз комиссия түзүүнү талап кылышууда. Өзбекстан болсо эки жолу жөнөткөн нотасында тең кыргыз тарап айыптуу экенин белгилеген. Мындайда маселени дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков мындайча белгилейт:

- Чаралардын бардыгы эл аралык юридикалык негиздердин жөнү менен болуш керек. Бул - дипломатиялык, саясий жолдор.

Н. Танаев баштаган делегация өзбек өкмөтү менен талкуулай турган проблемалардын бири - чек арадагы 16-июлда болуп өткөн ошол ок атуу. Жалпысынан чек арага байланышкан маселелер, адистердин пикиринде, кыйынчылык менен чечилүүдө. Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетовдун айтымында, эгемендүүлүк алгандан бери эки өлкөнүн ортосундагы 1377 чакырымдык чек ара тилкесинин 677 чакырымы гана делимитацияланды.

- Чек аранын бардыгында такталбаган көп участоктор бар. Ошондуктан, биздин делимитация жараяныбыз бүтпөй атат, - дейт Базарбай Мамбетов.

Чек ара маселеси буга чейин башка маселелер менен катар өкмөт аралык комиссиянын 9-июлда Ташкенде өткөн отурумунда каралган. Делимитацияланган аймакка 13 өткөрмө бекет коюу демилгеси өкмөт аралык комиссиянын эки жылдык тыныгуудан кийинки отурумундагы жемиштүү тыянактардын бири катары аталган. Анда бул иш августтун башында биротоло чечилээри белгиленген. Бирок макулдашууга байланыштуу азыр маалымат айтыла элек. Тышкы иштер министрлигинин КМШ иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун айтымында, өткөрмө бекеттерди орнотуу тууралуу макулдашуунун долбоору азыр чек ара кызматтарынын кароосунан өтүп жатат, бирок долбоор премьер-министрдин иш сапарына карата даяр болоору анык эмес.
Дегеле премьер-министрдин иш сапарынын учурунда тараптар кандайдыр-бир макулдашууларга кол коер-койбосу арсар. Эркин Мамкуловдун айтымында, бул жумушчу сапар. Ошондуктан бардыгы сүйлөшүүлөрдүн тыянагына жараша өнүгөт.

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Ташкенде суу-энергетика проблемасын да көтөрүшү күтүлүүдө. Анткени азыр Казакстан менен Өзбекстанга энергия сатууга кызыккан Кыргызстан өнөктөштөрүнөн ойдогудай жооп ала албай жатат. Өзбекстан өкмөт аралык комиссиянын июлдун башындагы отурумунда энергия сатып алуу тууралуу контрактка кол коюуга макулдук бергени менен, ал убадасын аткара элек. Өкмөт аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында комиссиянын төрагасы Базарбай Мамбетов мындай деген:

- Тилекке каршы, Өзбекстан быйыл суунун көптүгүнө, Сырдарыя бассейниндеги суунун деңгээли бийик экендигине шылтап, Токтогул суу сактагычынан кое берилген сууну жана электр энергиясын сатып алуу тууралуу макулдашууга кол койгон эмес. Ошого карабастан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан бир ай мурда суу-энергетикалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан. Көп талаш-тартыш болду, акырында Өзбекстан контракт түзүүгө макулдук берди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода кызматташтыгы солгундап баратат. Маселен, 1998-жылы товар жүгүртүүнүн өлчөмү 160 млн. доллар болсо, кийинки жылы ал эки эсе азайган. Адистер былтыркы товар жүгүртүүнүн өлчөмү андан да төмөндөп кеткенин айтышат.

Айрым байкоочулар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы пикир келишпестик жылдан-жылга күчөп баратканын белгилешет. Муну көбүнчө эки президенттин жеке мамилесиндеги салкындык менен байланыштырышат. Анткен менен, Өзбекстан коңшулаш башка мамлекеттер менен деле ысык-ынак болуп кеткен жери жок. Айрыкча өзү мүчө болгон Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразия Экономикалык Биримдиги сыяктуу, жамаатташ өлкөлөрдү бириктирген уюмдарга мүчө болуп туруп, кызматташпай жатканы калган мамлекеттерде астейдил сынга алынып жүрөт. Өзбекстандын обочолонгон саясатын анын Фергана өрөөнүндөгү лидерлик дымагына жана Кошмо Штаттар менен жылуу мамилесине байланыштыргандар да бар. Маселен, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев мындай дейт:

- Буга «өтө эле көз карандысыз өлкө бололу» дегени себеп болуп атат. «Орусияга, Кытайга көз каранды болуп калабыз» деген ою болуп атат го деп турам. Экинчиден, өзүңөр билгендей, азыр Өзбекстандын АКШ менен мамилеси күчөп баратат. Өзбекстандын жетекчилери ушул маселеге да көңүл буруп атышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG