Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

АКШ МЕНЕН КАНАДА КАРАҢГЫГА ЧӨМҮЛДҮ


Бейшембиде бешимге жакын АКШнын түндүк-чыгыш тарабы менен Канаданын түштүк бөлүгүндө электр жарыгы күтүүсүздөн "жалп" этип өчүп, түн киргенде Нью-Йорк баштаган бир катар чоң шаарлар тунжураган караңгыга чөмүлүштү. Бул көрүнүш 2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттарды эсинен чыгара элек нью-йорктуктар үчүн дагы бир сыноо болуп калды окшойт. Америкалык жетекчилер террордук чабуул жөнүндөгү жоромолдорду четке кагып, окуя -техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам орун алганын билдирип, жума күнү анын кесепеттери толугу менен жоюулаарын жар салышты.

Дүйнөлүк жаңылыктарда кабарлангандай, бейшембиде түштөн кийин саат 4тө Нью-Йорк баштаган АКШнын түндүк-чыгыш бөлүгү күтүүсүз жерден электрсиз калган. Жарыксыз калган аймактын жалпы аянты 500 км ден ашып, Америкадагы Кливленд, Охайо, Детройт, Мичиган, Бостон шаарларынан башка Канаданын Торонто, Оттава өңдүү ири борборлору да караңгыга чөмүлүштү. Бир нече саат бою 50 млн дой адам электрден кол жууп, миңдеген кишилер ток менен иштеген коомдук транспорт, поезд, метролордо камалып калышты. Нью-Йорктогу аэропорттор ишин токтотуп, шаарды көздөй учуп келаткан учактар багытын өзгөртүүгө аргасыз болушту.


Адегенде Канаданын өкүлдөрү кырсыктын себеби катары Нью-Йорктун жанындагы Ниагара шаарындагы электр станциясындагы өрттү аташкан эле. Кийинчерээк, журналисттер ал жердеги станция кадимкидей иштеп жатканын кабарлаган соң, калк электрди ашкере пайдаланып ийгендиктен, ток өткөргөн зымдардагы чыңалуу чектен ашып кеткен деп айтылды. Азырынча кырсыктын нагыз себептери аягына дейре аныктала элек, ошентсе да электр өчкөндөн бир саат өткөндөн кийин гана америкалык жетекчилер аны террорчулар уюштурган жок деп айта алышты. АКШ президентинин бул тууралуу билдирүүсү кечки саат 9да сыналгыдан көргөзүлдү.

- Мен азырынча бир нерсени так айта алам – бул террордук акт эмес. Бизге Ниагарадагы электрстанциясында кырсык болгону тууралуу кабарлар жетти, азыр адистер ал маалыматты текшерип жатышат, - деди президент Буш. Анын бул билдирүүсү жарыяланып жаткан чакта жарыксыз калган айрым райондорго акырындап кайрадан электр бериле баштаган. Бирок кырсыктын кесепеттери толугу менен жоюлганча, АКШлык өкүлдөрдүн айтымында, бир нече саат, а балким күн да өтүшү мүмкүн.


Кырсыктын себептери жарыяланганга дейре 3000дей кишинин өмүрүн алган 11-сентябрдагы теракттардан коркуп калган нью-йорктуктар үрөйү учуп, башынан дагы бир кыйын учур өткөргөндөй эле болушту. Шаар бийликтери өзгөчө кырдаал жарыялап, асман тиреген көп кабаттуу курулуштардан миңдеген кишилер көчөлөргө чуркап чыгып, көпчүлүгү жертөлөдөгү гараждарга, же метрого бет алышты. Дагы жүздөгөн кишилер көчөдөгү телефондорго жүгүрүп, жакындарынын дайынын билүүгө ашыгышты. Нью-Йорктогу мамлекеттик мекемелердин биринде иштеген Жессика Нотес "Ройтерс" агенттигине электр өчөөр замат, 86-кабаттан тепкич толо кишилер ылдый көздөй умтулганын, көчөгө чыкканча, бирөө да үн чыгарбай, ичинен 11-сентябрдагы терактты эскерип баратканы көздөрүнөн байкалганын баяндап берген.


Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг өкмөттүк мекемелер, оорукана, түрмөлөр электр менен атайын генераторлордон камсыздалып жатканын билдирди. Ал өлкөнүн электр жабдыктарын жаңылантуу – эбак бышып жеткен маселе экенин белгилеп, соңку жылдары АКШнын ири шаарларында калктын саны өсүп, ошондой эле компьютер, аба кондиционери, ашкана жабдыктары кеңири пайдаланылып жаткан чакта тармакка инвестиция дээрлик салынбагына көңүл бурду.

- Биз бул окуядан ачуу сабак алаарыбызга ишенгим келет. Эскирген электр системасы дагы кандай мезгилде, аба ырайы кандай болуп турган чакта үзгүлтүккө учураарын болжош кыйын. Кыштын күнү караңгыда жарыксыз калсак, анын кесепеттери кандай болорун ким билет? – деп суроо салган Нью-Йорктун башкаруучусу шаардын жашоочуларына кайрылып, электр берилгенден кийин да аны сарамжал пайдаланууга үндөй кетти.


Азырынча маалым болгондой, электр тармагындагы кырсыктан адамдар жабыр тарткан жок. Адистердин айтымында, соңку 40 жыл ичинде Американын электр системасында ушуну менен алты ири авария болду. Алар мисалга 1977-жылы Нью-Йорктогу караңгы абалдан пайдаланып, каракчылар сайрандаганын эске салышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG