Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстанда этил кошкон бензинди өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Өлкөдө андай бензинди жалгыз гана “Кыргыз петролеум компани” Кыргыз – Канада биргелешкен ишканасы өндүрүп сатат. Ишкананын жетекчилери заводду этил кошулбаган бензин өндүрүүгө ылайыктап чыгыш үчүн 2 жыл убакыт сурап жатышат. Кыргызстандын айрым бийлик органдары тыюу салуу чечими тезинен ишке киргизилишин талап кылууда.

Этил кошкон бензиндин составында өтө уулуу зат деп эсептелген коргошун бар. Өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө аны өндүрүүгө жана сатууга эчак эле тыюу салынган. Бирок мурдагы Советтер Союзу аны кадимкидей эле пайдаланып келген. Анын ордунда пайда болгон көз карандысыз өлкөлөр да этилдешкен бензиндин стандартын ушу убакка чейин жоюша элек. Орусиянын айрым ири шаарларларында ага тыюу бар экени айтылып жүрөт. Бирок Орусия аны өндүрүштөн алып салуу жөнүндө жалпы чечим кабыл ала элек.

Кыргызстанда маселе бир жылдан бери көтөрүлүп келет. Ал бейшемби күнү болуп өткөн Экономикалык саясат боюнча кеңештин күн тартибине да коюлду.
Этилдешкен бензинге тыюу салуу маселеси Жалалабаддагы «Кыргыз петролеум компани» Кыргыз-Канада биргелешкен ишканасынын кызыкчылыгына каршы маселе. Эмне дегенде, өлкөдө аны жападан-жалгыз ошол ишкана чыгарып сатат. Ал Кыргызстандын экономикасына 29 млн. доллар инвестиция салган ири инвесторлордун бири. Анын үстүнө инвестициялык келишимде кыргыз тарап «компаниянын ишин оордото турган чечим кабыл алынбайт» деп убада берип койгон. Ошондуктан тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жана мамлекеттик стандарт жана метрология боюнча агенттик тыюу салуу тууралуу норма жакын арада киргизилсе да, бул ишканага өз өндүрүш жабдыктарын этилдешпеген бензин өндүрүүгө ылайыктап чыгыш үчүн 2006-жылга чейин мөөнөт бериш керек деп эсептешет. Ал эми юстиция жана финансы министрликтери, ишкерлик боюнча мамлекеттик комиссия анын эч кандай шартсыз эле бардыгына бирдей киргизилишин жакташат. Финансы министрлиги норманын тезинен киргизилишин колдойт.

- Инвестициялык келишимдин 9.16-беренесине ылайык «Кыргыз петролеум компани» мунай жана газ өнөр жайындагы дүйнөлүк практикага жараша экологиялык жактан натыйжалуу методдорду колдонуу жана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык талаптарды сактоо тууралуу милдеттенме алган. Бул келишим 1995-жылы ишке кирген. Азыр ага 8 жыл болду. Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргызстандын территориясында иштеген субъектилердин бардыгына бирдей болуш керек деп эсептейбиз, - деди финансы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев. Ал «Кыргыз петролеум компаниге» жаңы продукция чыгарууга өтүү үчүн жарым жыл мөөнөт берилип, тыюу салуу эмдиги жылдын 1-январынан баштап киргизилишин жактайт. Экономикалык саясат боюнча кеңешке ишкананын өкүлдөрү чакырылбаптыр. Биз алар менен байланышып, пикирин сурасак, алар жарым жыл ичинде өндүрүштү кайра куруп чыгуу мүмкүн эместигин айтышты.

- Керектүү нерселерди алып келүү үчүн эле жарым жыл кетет. Жаңы жабдыктыктарды орнотуп, ишке киргизиш керек. Ошондуктан финансы министринин өкүлү айткан жарым жыл реалдуу эмес, - деди «Кыргыз петролиум компанинин» өндүрүш боюнча менеджери Айбек Ураимов. Анын айтымында, бул үчүн 12 млн. доллар акча талап кылынат. Канадалык компания 7 жыл ичинде буга чейин салган 29 млн. доллар ивестициянын араң эле 2 млн долларын гана кайрып алды. Айбек Ураимов бензинге акциздик салыкты азайтуу тууралуу өкмөттүн чечими да ишкана үчүн кыйынчылыкка турганын айтат. Завод азыр 20% кубаттуулугу менен гана иштеп жатат. Ишкананын оор абалын эске алып, өкмөт башчы Н.Танаев мындай деген:

- «Кыргыз петролеум компани» башка бензин өндүрүүгө тез өтө албайт. Ал жабылып, сатылып кетиши мүмкүн. Бизге алардын үлүшүн сатып алууга туура келет. 2005-жылдын 1-июлуна чейин 2 жыл калды. 2 жыл ичинде биз өлүп деле калбайбыз.
Ошентип бул маселе боюнча Экономикалык саясат боюнча кеңеш эч кандай чечим кабыл алган жок. Өкмөт башчы жаңы нормага өтүүнүн реалдуу мөөнөтүн аныкташ үчүн стандарт жана метрология боюнча агенттикке компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп көрүүнү тапшырды.
XS
SM
MD
LG