Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

Мугалимдер жыйындары


БИШКЕК.15 -августан 25-августка чейин Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик билим деңгээлин көтөрүү максатын көздөгөн он күндүк башталды. Кыргызстан Билим академиясы, Бишкектин жогорку окуу жайларынын тажрыйбалуу окутуучуларынан турган атайын комиссиялар жер-жерлерге жөнөп кетишти. Алардын максаты орто мектеп мугалимдери менен методикалык сабактарды өткөрүп, билим жаатындагы инновациялык технология, сабак өтүүнүн усулдары тууралуу тажрыйба алмашып, «тегерек үстөл» аңгеме-дүкөндөрүн уюштурушат. Август айынын соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда райондук, шаардык жана облустук мугалимдердин конференциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу жума күнү билим жана маданият министринин биринчи орунбасары Анатолий Иванников маалымат жыйынында кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG