Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13
БИШКЕК.15-августта Жогорку сот «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванованын арызын карап, Куловду 10 жылга эркинен ажыратуу жөнүндөгү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрдүн күчүндө калтырды. Адвокат Любовь Иванова Феликс Куловду 2002-жылдын май айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 10 жылга эркинен ажыратканын, октябрь айында Бишкек шаардык соту мөөнөттү саал кыскартуу менен өкүмдү күчүндө калтыргандыгын белгилеп, анын Кылмыш-жаза кодексинде жок күнөө менен соттолгонун, тергөөдө күнөөсү далилденбегенин айтты. Мамлекеттик айыптоочу, башкы прокуратуранын өкүлү Токтобек Кадыров «Куловдун кылмыш иштери тергөө жүрүшүндө далилденген» деп айтып, буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Ф. Кулов коопсуздук министри, Бишкек шаар башчысы жана Чүй облусунун губернатору болуп турган кезде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке ири зыян келтирди деген доо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Феликс Кулов 2001-жылдын январь айынан бери түрмөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG