Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү Ирандын "Элдик мужахеддиндер" аттуу уюмунун саясий канатын эл аралык террордук уюмдар тизмесине кошту. Уюм өзү мурда эле террордук тизмеге киргизилген, бирок анын саясий канаты Батышта эркин аракеттенип келген. Эми анын АКШдагы кеңселери менен банк эсептери жабылат. Үстүбүздөгү жылдын июнунда Париж шаарында уюмдун 160 мүчөсү камакка алынган.